www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Депутаттын кызынын абалы жакшы

Гүлжан Шерипбаева 25-ноябрь 2017, 10:28

Коом Кылмыш жана кырсык


Депутаттын кызынын абалы жакшы

Парламенттеги «Республика — Ата Журт» фракциясынан депутат Кенжебек Бокоевдин бычак менен кол салуудан жабыркаган кызынын өмүрүнө коркунуч жок. Бул тууралуу Марал Радиосу билдирди.

Атайын оорукананын башкы дарыгери Гүлмира Баетованын айтымында, бычактан жабыркаган кыз бүгүн хирургия бөлүмүнө которулат. Жабырлануучуга биринчи жардам түндө үчүнчү шаардык ооруканада көрсөтүлгөн. Дарыгерлер кыздын абалын туруктуу деп баалап жатышат.

Депутат Кенжебек Бокоевдин кызына кечээ, 24-ноябрдын кечинде кол салуу болгон. Үйүнүн кире беришинде кызга билгисиз киши эки жолу бычак сайып, кол сумкасын алып качкан. Милиция кылмышкерди издөөгө алып, адам өмүрүнө кол салуу фактысы боюнча иш козголду.

Булак: NazarNews.kg

 

 


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83