www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Эки жылда 56 балага зордук-зомбулук көрсөткөн педофил кармалды

Гүлжан Шерипбаева 29-ноябрь 2017, 11:47

Коом


Эки жылда 56 балага зордук-зомбулук көрсөткөн педофил кармалды

Эки жылда 56 балага зордук-зомбулук көрсөткөн педофил кармалды. Бул тууралуу life.ru маалымат агенттиги жазып чыкты.

Маалыматтарга караганда, кармалган адам Татарстандын Альметьевск шаарынын тургуну болгон. Ал эки жыл аралыгында социалдык тармактарда фейк баракча ачып, ал аркылуу жаш кыздар-балдар менен мамиле куруп жүргөн.

Кармалган адам социалдык тармактарда 10 жаштагы кыз жана 14 жаштагы баланын атынан баракча ачкан. Жашы жете элек балдар менен таанышып, алардан жарым-жылаңач сүрөттөрүн жиберүүнү суранган. Сүрөттөрдү алган соң, балдарды сүрөттөрүңөрдү интернетке таратып жиберем деп коркутуп, ал аркылуу андан башка да сүрөттөрдү талап кыла баштаган.

Иликтөөлөрдүн жыйынтыгында педофил социалдык тармак аркылуу таанышкан айрым жаш балдардын үйүнө барып зордук-зомбулук көрсөткөн. Жалпысынан 51 кыз жана 5 бала кылмышкер-педофилдин зордугуна кабылган.

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83