www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Рыскелди Момбеков: "Министрдин айдоочусу бизден көп айлык алат"

Гүлжан Шерипбаева 29-ноябрь 2017, 12:35

Саясат


Рыскелди Момбеков: "Министрдин айдоочусу бизден көп айлык алат"

Айыл-чарба министринин айдоочусу 45 миң айлык алат деген маалыматты бүгүн, Жогорку Кеңештин кезектеги отурумунда КСДП фракциясынын депутаты Рыскелди Момбеков билдирди.

"Сиздин айдоочуңуз 45 миң сом айлык акы алат экен, унааңызга күнүнө 75 литр май коротот экенсиз. Мынча май самолетко куйсаң жетет, неге мынча көп май колдоносуз? Сиздин айдоочуңуз бизден көп маяна алат экен", - деди Момбеков.

Айыл-чарба министри учурда айдоочусу 14 миң сом маяна алаарын, ал министр болуп келгенге чейин мурункулар ошондой маяна алып жүргөнүн айтты.

Момбековдун суроосуна кошумча жооп берип, "Бир Бол" фракциясынын лидери Алтынбек Сулайманов  - "Биздин фракциядан бир эле депутат бар, ага жардам берип коеюн. Урматтуу Рыскелди мырза, силер жогору көтөрүп жиберген мурунку кишиңерден сурасаңар, бул кишиден сурагандын пайдасы жок. Өзү да айтып жатат азыркы айдоочусу 14 миң сом маяна алаарын, силер өзүңөрдүн кишиңерден сурагыла", - деди.

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83