www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Соттун өкүмүнөн соң уу ичкен генерал каза тапты

Айнура Абдиназарова 30-ноябрь 2017, 13:47

Дүйнө жүзүндө


Соттун өкүмүнөн соң уу ичкен генерал каза тапты

Хорватиянын премьер-министри Андрей Пленкович босниялык хорваттардын мурдагы командачысы, генерал Слободан Пральяктын уу ичип өлгөнүн тастыктады. 29-ноябрда мурдагы Югославия боюнча эл аралык трибуналдын отуруму болуп жатканда уу ичкенин айткан айыпкерлердин бири Слободан Пральяк көз жумганын Хорватиянын мамлекеттик телеканалы маалымдаган деп жазат Борбор Азия жаңылыктар кызматы.

Маалымат жыйынында Пленкович Праляк өз жанын кыйганын билдирип, маркумдун үй-бүлөсүнө көңүл айтты.

Гаага трибуналынын спикери Ненад Гольчевський 72 жаштагы Праляк ооруканада көз жумганын кабарлады. Анын өмүрүн сактап калууга мүмкүн болгон эмес.

Праляк кандай уу ичкени тууралуу маалымат азырынча жок.

Окуя кечээ, 29-ноябрда апелляциялык комиссия өз өкүмүн жарыялап жатканда болгон. Босниялык хорваттардын мурдагы командачысы, генерал Слободан Пральяк согуш кылмышкери деген аныктамага макул эмес экенин айтып, соттун көзүнчө бир нерсени ичип, “бул уу болчу” деген.

Сот алты босниялык хорваттын 2013-жылы берилген апелляциялык арызын караган. Ал генералды согуш кылмыштары үчүн 20 жылга кесүү тууралуу өкүмдү күчүндө калтырган.

Алар 1992-95-жылдардагы согуш маалында мусулмандар үчүн концлагерлер түзүшкөн деп айыпталууда. Пральяк XVI кылымда курулган Мостар көпүрөсүн талкалоого буйрук бергендиги үчүн да күнөөлүү деп табылган. Бул иш боюнча соттук териштирүү 2006-жылдан бери жүрүп келген.

Өткөн аптада босниялык сербдердин согуш учурундагы кол башчысы Ратко Младич өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратылган.

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83