www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Элмурза Сатыбалдиев, экс-башкы прокурор: “Кудай буюрса, Райым Матраимов кыргыз эли үчүн дагы да жакшылыктарды жасайт”

Гүлжан Шерипбаева 30-ноябрь 2017, 17:33

Саясат


  Элмурза Сатыбалдиев, экс-башкы прокурор: “Кудай буюрса, Райым Матраимов кыргыз эли үчүн дагы да жакшылыктарды жасайт”

Кайрадан суроо берели дедик. Жаңыртып. Жакында эле мамлекеттик бажы кызматынын төрага орун басарлыгын өткөрүп берген Райым Матраимов тууралуу. Коомчулукка сырдуу болуп келген бул фигурага карата барган сайын түрдүү кеп-сөздөрдүн, аныгында ушак-айыңдардын тыйылбагынан улам биз болгону төмөндөгү эл көзүндөгү эрендерге каарманыбыз тууралуу суроо гана бердик. Кызыгы, биз сөз кылуучу инсанга карата собол салган аттуу-баштууларыбыз бир кылка “алтын шилекейлерин” чачыратышса болобу? Окуп, биз да баа бердик. Эмесе, калган кепке төмөндө бирге күбө болуңуз окурман.

-- Райымбектин спортко кошкон чоң салымын жашырып коюу мүмкүн эмес. Айрыкча анын кыргыз волейболунун өсүшүнө жана эл аралык деңгээлге чыкканына биздин федерациядагы клубдардын президенти катары салымы зор. Ал түптөгөн ЕРЕМ волейбол клубу быйылкы оюндардын жыйынтыгы менен Кыргызстандын чемпиону деген наамына ээ болушту. Азыр өзүңөр билесиңер, бир волейболдук команда эмес, бир спортчуну көтөрмөлөп, демөөрчүлүк иш кылган ишкерди табыш кыйын. Райым болсо килейген “Ош бажы EREM” деген волейболдук клубду негиздеп, анын президенти. Эркектер жана кыз-келиндер арасында волейболдук күчтүү командаларды алдыга алып чыкты. Мунун өзү эле чоң эрдик. Алардын кийген кийимдеринен баштап, машыктыруучуларына чейин камсыздап, чет жерге чейин барып ойноп келген каражаттарынан өйдө кем-карч кылбай келет. Биздин кыргыз спортуна ушундай колу ачык жигиттер жетпей турат. Азыркы кезде эркектер жана кыздар арасындагы “Ош бажы EREM” командалары көч башында күчтүү курамдардын арасына кирип калды. Инсан катары жөнөкөй турмушта мамилебиз ага-инидей. Бир тууган агасы Искендер менен дос болуп жүрүп, Райымбектин сылык-сыпайы жана бийик адамгерчилик мамилесин байкап жүрдүм. Райымбек инимдин өзгөчө ыраматылык, бейиши болгур апасына кылган мамилесин көрүп, эне-баланын ортосундагы мамиленин өзгөчө үлгүсү катары байкаганымды, аны көрүп сөөгүм агарганын айтып кетер элем. Райым Матраимовдой кыргыздын сыймыктуу жигитин ар убак колдоого алышыбыз керек.

Булак: “АЗИЯnews


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83