www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жээнбековго Назарбаев чек ара тууралуу айтты

Гүлжан Шерипбаева 30-ноябрь 2017, 16:58

Саясат


Жээнбековго Назарбаев чек ара тууралуу айтты

Кыргыз жана казак президенттери чек арадагы абалды талкуулашты. Бүгүн Минскте Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) саммитинин алкагында Сооронбай Жээнбеков менен Нурсултан Назарбаев өзүнчө жолугушуу өткөрүштү.

Назарбаев Жээнбековду президенттик кызматка шайланышы менен куттуктады. Ал эки элдин ортосундагы жакшы кошуналык мамилелерди кайра калыбына келтириш керек экенин белгиледи.

«Чек арадагы абалдын себептерин биз баарыбыз билебиз. Ошондуктан биз төмөнкүдөй чечимге келдик: өкмөттөр иштеп чыккан «жол картасы» бар, биз аны карап чыктык. Эки өлкөнүн жумушчу топтору бул картаны талкуулап кабыл алышат», - деди Нурсултан Назарбаев.

Анын айтымында, эки тараптан тең чек арада көзөмөл орнотуу боюнча чечим кабыл алынды. Ошондой эле ЕАЭБден үчтөн адам жүктөрдү карап, өткөрүп турушат. Ушундай эле ыкма боюнча Кытай менен чек арада текшерүү жүргүзүлөт.

Нурсултан Назарбаев Сооронбай Жээнбековду Казакстанга расмий сапарга чакырганын билдирди.

Кыргызстан президентинин айтымында, жолугушууда ортодогу бардык маселелер талкууланып, бир чечим кабыл алынды.

“Өкмөттөр “жол картасын” декабрь айынын ичинде иштеп чыгышы керек. Ошондо көп маселелер чечилет. Чек ара “жол картасына” кол коюлганча ачылат» - деп билдирди Сооронбай Жээнбеков.

Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаев быйыл 8-октябрда казак жетекчилигин сындаган. 10-октябрдан бери чек арадан Казакстан тарапка өтүү кыйын болуп жатат.

Булак: Азаттык


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83