www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эки аялга үйлөнгөн кишинин баяны: "Мен душманыма да эки аял алууну сунуштабайм"

Айдар Нуралиев 30-ноябрь 2017, 17:05

Коом


Эки аялга үйлөнгөн кишинин баяны: "Мен душманыма да эки аял алууну сунуштабайм"

Учурда коомчулукта эки аял алуу маселеси катуу талкуу жаратып, айрымдар көп аялдуулук тууралуу мыйзам кабыл алынсын десе, кээ бирлери караманча-каршы туруп, эки аял алсын деген эркектерге наалат айтып жатып калышты. Жакында гана эл арасында аталган тема тууралуу талкуулар солгундай түшкөндө, кыргыздын мурунку муфтийи Чубак ажы экинчи аял алганын жар салып, учурда мамлекеттин тагдырынан да "эки аял" маселеси элди көбүрөөк ойго салууда.

Элдин ар тараптуу пикирлерин интернет аркылуу окуп, өз оюн билдиргиси келген, бир учурда эки аял менен бирге жашаган шаар тургуну "мен душманыма да эки аял алууну сунуштабайм" - дейт.  

- Көп аял алуу боюнча мыйзам кабыл алынсын деп төш кагып, Чубак ажыга тарапташ болуп эки аял алгандарга алкыш айткандар эки аял менен жашап көрбөгөндөр. Эгер ошолор эки аял менен жашап көрүшсө, канчалык кыйын экенин билишмек. Мен эки аял менен бир убакта жашоону душманыма да каалабайм. Эгерде эки аял тең бири-бирине жакшы мамиледе болуп, жашоосу абдан сонун өтүп жаткан учурда да кичине жерден маселе жаралат. Мисалы, жөн эле тамак жасоо тууралуу мисал келтирейин, биринчи аялым тамак жасап, тузу бир аз кем болуп калса, анын кемчилигин айтып койсом, “ии тиги аялың тамакты жакшы жасайт да” деген жөнөкөй сөздөн эле баарын түшүнүүгө болот. Так айтканда эки аялыңдын ортосунда кошматчы болуп каласың, кимисинин сөзүнө маани берип угушту билбей...

Демек, жогорудагы маек эки аял алам дегендердин көпчүлүгүнө мисал болчудай...

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83