www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чубак ажынын жактоочусу: "Элвира Сурабалдиева, Азиза Абдырасулова бирөөнүн үй-бүлөсүнө кийлигишкен атеист аялдар"

Гүлжан Шерипбаева 03-декабрь 2017, 17:00

Коом


Чубак ажынын жактоочусу: "Элвира Сурабалдиева, Азиза Абдырасулова бирөөнүн үй-бүлөсүнө кийлигишкен атеист аялдар"

Элвира Сурабалдиева, Азиза Абдырасулова бирөөнүн үй-бүлөсүнө кийлигишкен атеист аялдар. Мындай пикирди Чубак ажы Жалиловдун жактоочусу Акин Токталиев Alakan сайтына берген маегинде билдирген.

Жактоочунун айтымында, Чубак ажы милициянын алдында алты саат сурак берип, тергөө жүргөн. 

Тергөөнүн жүрүшүнө укук коргоочу Азиза Абдырасулова, депутат Элвира Сурабалдиева жана башка депутаттардын арыз жазуусу себеп болгон.

"Бирөөнүн жеке турмушуна кийлигишип Укук корго органдарынан тартып, Башпрокурор, Азиза Абдырасулова, Элвира Сурабалдиева мыйзамды одоно бузуп жатышат. Динди түшүнбөгөндөр ушинтип ызы-чуу салат. Булар бирөөнүн үй-бүлөсүнө кийлигишкен атеист аялдар" - деп билдирген жактоочу.

Белгилей кетсек, бул аптада Чубак ажы көрүүчүлөрдүн суроосуна жооп берип жатып, экинчи аял алгандыгын жар салган. Анын видеосу коомчулукка тарагандан кийин, ар тараптуу пикирлер тарап, айрым депутаттар Чубак ажыны бул видеосу үчүн текшерүүгө алуу керектигин сунушташкан.

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83