www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жээнбеков Эрлан Абдылдаевди кабыл алды

Айнура Абдиназарова 11-декабрь 2017, 11:34

Саясат


Жээнбеков Эрлан Абдылдаевди кабыл алды

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков   бүгүн, 11-декабрда өлкөнүн тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаевди кабыл алды. Бул тууралуу Президенттик Аппараттын басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө Эрлан Абдылдаев   ЕККУ өлкөлөрүнүн тышкы иштер министрлеринин кеңешинин отурумуна катышуусунун жыйынтыктары, ошондой эле Сербияга жасаган расмий сапары туурасында маалымат берди.

Мындан тышкары министр Мамлекет башчысын  Президент Сооронбай Жээнбековдун Өзбекстан Республикасына  ушул жылдын 13-14-декабрында  жасачу расмий сапарына даярдыктын жүрүшү боюнча маалымдады.

Мамлекет башчысы тышкы иштер министрине  алдыдагы тышкы саясый иш чараларга дыкаттык менен  даярдык көрүү боюнча бир катар тапшырмаларды берди.

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83