www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кадырбек Керимбаев: АШАнын ашмалтай заманы кайра келет

Айнура Абдиназарова 11-декабрь 2017, 16:52

Саясат


Кадырбек Керимбаев: АШАнын ашмалтай заманы кайра келет

Дооронбек Садырбаев акылман акебиз айткандай :«мурдуна бок сүйкөсө билбеген моомун кыргыз өзүнүн зөөкүр уул кыздарынын алдында кор болду».Мурда алдап соолап дегендей кытмыр күлүп,кымырып алып...«мыйзам» аттууга таяп жөлөп келишсе Атамбаевдин кетээр алдында, Сооронбайдын болуп боло элек жатып кылган кылыктары көпчүлүктүн кыжырын кайнатып туру. Атамбаев өзү башында турган «банда» өлкөнү күч менен башкарып, "мыйзам" дегендин баарына шек жаратты.

Отунбаеванын сөзү менен айтканда качкан эки ажодон ашып түштү. АШАнын он үч «кылык былыгын» санагам,кайра санап кажети жок. Колунда турган бийликтин күчү менен досун такка отургузду. Аты эле шайлоо болбосо дайындап эле койду. Өкмөткө өзү ишенгендерди апкелип, мөңгүнү талкалоого колун коюп, сыйлык наамдарды «өзүм» дегендерге чачып таратып туруп кетти. Ж.С досу элден журттан уялбай "Эл Баатыры" наамын берип, "Ак Шумкарды" төшүнө такпадыбы. "Таранчы шумкар болобу" - деп Ормуков Темирлан так, нак айткандай болду.Эми СДПКа съезд чакырып АШАны кайрадан «Генсек» шайлашат имиш. Бул саясатка кайрадан расмий келүү дегендик. Премьер министр болуп келет дешип өткөн жылда баш мыйзамды күч менен өзгөрткөндө эле Мукар Чолпонбаев баш болгон кыраакы саясатчылар сайрап келишкен. Дал ошондой болгону турат. Кайрадан карызга батмай,кайрадан жерди кенди сатмай, кытайларга эшикти кең ачмай, каршы чыккандарды каматып салмай... кыскасы АШАнын ашмалтай заманы кайра келет. Арам жол менен байыгандар, кошомат менен мансапта жүргөндөр кудайлап күтүп жатат. Окуган намазы менен өзүнө шайлоодо пиар жасаган азыркы ажо жетекте жеңил басып береринде күмөн жок. Эки дос айлап жылдап пландаган долбоор ишин баштады. ЖоКеде жасалма оппозицияны жаратышат,көчөгө чыкканын камайт. Ошондо кимиң МАКУЛ ЭМЕСМИН - деп турасың, кимиң КАРШЫМЫН- деп чыгасың?! Азабың арылбайт экен го кыргызым! Бир зөөкүрдү тыя албагандан кийин элбиз, журтпуз, Манастын урпагыбыз деп айткан бизге жарашпай деле калат го?!

Кадырбек Керимбаев, NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83