www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Баткенде кыздын ордуна эркек кишинин мумиясы көмүлгөнбү?

Айнура Абдиназарова 11-декабрь 2017, 18:05

Коом


Баткенде кыздын ордуна эркек кишинин мумиясы көмүлгөнбү?

14-октябрда Баткен облусунун Кара-Булак айылындагы Мактым-Гөр деген жерге IV-V кылымдарга таандык делген мумия жерге берилген. Бул коомчулукта кайчы пикир жаратып, айрымдары анын көмүлүшүн туура деп эсептесе, кээ бири бул иш "илимди өлтүрдү" деп чыккан. Ал тургай мумия чырынан улам маданият министри Түгөлбай Казаков да креслосунан айрылган.

Баткен облусунун Кара-Булак айылындагы Мактым-Гөр деген жерине тарых музейиндеги кыз мумиянын ордуна эркек мумия көмүлгөн деген божомолу тууралуу Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине жергиликтүү тарыхчы Мурзапар Үсөнов билдирди.

Үсөновдун айтымында, Мактым-Гөргө тарых музейиндеги 18 жаштагы кыздын эмес, Чүй өрөөнүнөн табылган эркек кишинин мумиясы алмаштырылып көмүлгөн.

"Мен Баткенде 18 жаштагы кыздын мумиясы казып алынганда да окуяга күбө болгом. Андан кийин Бишкекке окууга тапшырган кезимде борбордук музейден да аталган мумияны көргөм. Кыз мумиянын жүзү кичирээк эле. Ал эми жакында Баткенге көмүлгөн мумиянын мурду коңкойгон, бет түзүлүшү чоң эркек кишиникиндей экен. Мен кыздын мумиясын бир канча ирет көргөндүктөн ушундай пикирге келдим", — деди Үсөнов.

Тарых музейинин жетекчиси Анаркүл Исиралиева тарыхчынын сөзүн төгүнгө чыгарып, көмөөрдө ага көп киши күбө болгонун билдирди.

"Маданият министрлиги тарабынан баалуу экспонатты көмүү боюнча ведомстволор аралык комиссия түзүлөөрдө археолог Асан Абетеков мумияны көрүп кеткен. Баткенге жөнөтөөрдө да аны министрликтин статс-катчысы Бакыт Секимов жана комиссиянын башка мүчөлөрү, мумияны алып кетип жаткандар да көрүшкөн. Мен "көргүлө, кийин да туура эмес маалыматтарды таратып, башканы көөмп койду дебесин" деп атайын баарына айткам", — деди Исиралиева.

Археолог Асан Абетеков Исиралиеванын айтканын тастыктап, чындап эле көмүлгөн мумия жаш кыздыкы экенин айтты.

"Мумия өспүрүм, жашы 15-17лер чамасындагы кыздын сөөгү болчу. Мен аны көмөөрдө да, казып алганда да көргөм. Антропологдор сөөктү бир катар белгилер менен аныктайт. Дал ошол аныктоодо мумия орто жашка да жете элек жаш кыздын сөөгү деп табылган. Бул боюнча ар ким ар кандай сөздөрдү айтып жатат, бирок мен өз көзүм менен Баткенге жөнөтөөрдө жаш кыздын мумиясын көргөм", — деди Абетеков.

Мумиянын кийинки тагдырын чечүү үчүн мындан бир ай мурун Жогорку Кеңештин депутаттарынан турган атайын комиссия түзүлгөн. Бирок аталган комиссия азыр аны казып алуу же көөмп коюу боюнча бир чечимге келе элек. Топтун мүчөсү Рыскелди Момбеков өкмөт менен маданият министрлигине "мумияны кайра казып алуу боюнча чара канчалык натыйжасын берет" деген кайрылуу жөнөтүлгөнүн билдирди.

"Улуттук коопсуздук кызматына мумияны казуу жергиликтүү элдин же ар кандай диний агымдардын нааразычылыгын жаратаар-жаратпасын иликтеп чыгуу тапшырмасы берилген. Негизи Маданият министрлиги кабыл алган чечим туура деп табылды. Себеби ал мумияны көмөөрдө атайын токтом долбоору даярдалып, ар бир министрлик кол коюп берип, бардык чаралар мыйзам чегинде болуптур да. Маданият министрлигине тийиштүү комиссия түзүүнү, ӨКМге сөөктү алып барууну өкмөттүн аппарат башчысы Нурханбек Момуналиев буйрук берген экен", — деди Момбеков.

Ал ошондой эле кыз мумиянын ордуна эркек мумиянын сөөгү көмүлгөн деген сөз чындыкка дал келбей турганын кошумчалап кетти.

"Андай болушу мүмкүн эмес. Себеби сөөктү бул жактан алып чыгып көмгөнгө чейин Улуттук коопсуздук кызматы, ИИМ, ӨКМ сыяктуу компетенттүү кызматтын өкүлдөрү коштоп барган. Ошонун баарын каратып туруп калп айтышмак беле", — деди эл өкүлү.
Эске салсак, мумия чырынан кийин маданият министри Түгөлбай Казаков ээлеген кызматынан бошотулуп, анын ордуна Султан Жумагулов дайындалган.

Булак: Sputnik
 


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (1)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Гулназ Айдарова, 22-декабрь 2017, 03:35
Мурзапар агайдын айткан созуно ишенем, бул жакынкы айларда же кундордо эле алмашылып калган эмес бул жакынкы жылдарда алмашкан. Азыркы келбети такыр жашы жете элек кызга окшобойт. Ушунун артынан иликтоо жургузушунуздорду талап кылабыз. Эмне учун ошончо жылдан бери музейде жаткан мумия бирден жерге берилип калды? Бул мумия боюнча ким биринчи ооз ачкан, ошонун артынан Кыргызстанда чыр-чатак коп болуп жатат деп. Баарын тактап беруунуздорду отунобуз.
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83