www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Дастан Жумабеков: Түркиянын кыргыз элине көрсөткөн жардамы жана мамилеси унутулбайт

Айнура Абдиназарова 12-декабрь 2017, 17:21

Саясат


Дастан Жумабеков: Түркиянын кыргыз элине көрсөткөн жардамы жана мамилеси унутулбайт

Бүгүн, 12-декабрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Дастанбек Жумабеков Түркиянын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу элчиси Метин Кылычты кабыл алды. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз ызматы билдирди.

Төрага Дастанбек Жумабеков Кыргызстандагы дипломатиялык ишмердүүлүгүн аяктап жаткан Метин Кылычка ыраазычылык билдирип, элчи болуп турган учурдагы эки өлкөнүн алакасына байланыштуу аткарылган иштерге токтолду.

Кыргыз-түрк мамилесинде элчинин өзгөчө роль ойногондугун баса белгилеген Жогорку Кеңеш Төрагасы: “Түркия менен Кыргызстан боордош өлкөлөр. Ортодогу достукту бекемдеп, андан ары өнүгүшүнө өбөлгө болгон сиздей элчинин эмгегине ыраазыбыз. Буга чейинки Түркиянын кыргыз элине көрсөткөн жардамы жана мамилеси унутулбайт”, – деп билдирди.

Түркиянын Кызматташтык жана өнүгүү боюнча агенттиги (TİKA), ошондой эле түрк калкы тарабынан Кыргыз Республикасындагы ири долбоорлор менен өлкөдө болгон өзгөчө кырдаал учурларында көп жардамдар берилип келгенин эске алган Жогорку Кеңештин Төрагасы, мындай тыгыз байланышка Элчинин салымы чоӊ экенин баса белгиледи.

Өз кезегинде Метин Кылыч элчиликтин ишмердүүлүгүнө көрсөткөн колдоосу үчүн Жогорку Кеңешке жана жалпы кыргыз элине ыраазычылык билдирип: “Мен 4 жылдан ашык элчилик кызматты аркаладым. Бул убакыт ичинде кыргыз-түрк алакаларын чыңдоого, мамлекеттер аралык достукту бекемдөөгө болгон аракетимди жумшадым. Кыргызстан мен үчүн эң жакын өлкөгө айланды”, – деди.

Жолугушуунун соңунда Төрага Түркия Элчисине мындан аркы дипломатиялык ишмердүүлүгүнө ийгилик каалады.

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83