www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өкмөт Ысык-Көлдөгү төрт пансионатты Өзбекстанга кайтарып берет...

Айнура Абдиназарова 12-декабрь 2017, 17:29

Саясат Коом


Өкмөт Ысык-Көлдөгү төрт пансионатты Өзбекстанга кайтарып берет...

Кыргызстан Өзбекстанга Ысык-Көлдөгү пансионаттарды кайтарып берет. Бул тууралуу бүгүн 12-декабрда Жогорку Кеңештин экономика жана фискалдык саясат комитетинин жыйынында айтылды.

Маалыматтарга таянсак, экс-президент Алмазбек Атамбаевдин Өзбекстанга болгон расмий сапарында бул пансионаттар тууралуу макулдашуу болгон. Кыргызстан аталган эс алуу жайларын өзүнө кайтарып алгандан кийин Өзбекстан АКШдагы эл аралык арбитражга кайрылган. Азыр сотто каралып жатат.

Эске салсак, 2016-жылы апрель айында премьер-министр Темир Сариевдин чечими менен өлкө аймагындагы Өзбекстанга таандык делген “Алтын кум”, «Рохат НБУ», «Дилором» жана «Бостон» пансионаттары Кыргызстандын юридикциясына өткөн.

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83