www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Үйрөнсөң пайдасы тийет: Токмокто биринчи жолу эки кабаттуу инновациялык меш салынды

Гүлжан Шерипбаева 12-декабрь 2017, 19:47

Коом


Үйрөнсөң пайдасы тийет: Токмокто биринчи жолу эки кабаттуу инновациялык меш салынды

Токмоктогу көп балалуу, аз камсыз болгон үй-бүлөлөр жайгашкан барак тибиндеги үйлөрдүн бирине биринчи ирет, бийиктиги 5 метр 10 см болгон инновациялык түрдөгү меш салынды. Негизи мештин туурасынан кеткен каптал энин 32-35 см кылып, ал эми узатасынан кеткен капталын үй салган адамдын каалоосуна жараша 120дан 230 сантиметрге чейин чоюп салса болот экен. Мурда айылдыктар үй салганда меш үйдүн ичин гана жылытып, потолоктон өйдө чатыр жак бөлүгүнө мор гана кетчү.

Биринчи ирет салынып жаткан бул тажрыйбада бийиктиги 5 метрден ашык меш, үйдүн биринчи кабатын гана жылытпастан, үстү жак бөлүгү болгон мансарданы да жылытат. Мештин эффективдүүлүгүн айта кетсек ал Т формасында жайгашкан 3 бөлмөнү жылытканга ылайыкташып жасалды. Тактап айтканда төмөнкү этаждагы 3 бөлмөнү гана жылытпастан үстүңкү мансарданы, эгерде үстүңкү кабаттагы бөлмөлөр дагы Т формасында жайгашса, ал жердеги үч бөлмөнү да кошо жылытат.

Жыйынтыгында бир эле меш аркылуу алты бөлмөнү жылытса болот. Жаңычыл долбоор Швейцариялык Хельветас Свисс Интеркооперейшн эл аралык уюму аркылуу каржыланып, “АВЕП” коомдук фонду аркылуу ишке ашты. Мешти салган уста Максат Абакировдун айтымында, мешти салууга жалпысынан 1000 (миң) кирпич кетет. Мешти салуу үчүн атайылап ысык тапка кармап бышырылган (тешиктери жок, тулкусу туюк болгон кирпичтер) кирпичтер Кең-Булуңда чыккан кирпич заводдон алынган. Үйдүн биринчи жана экинчи кабаты печканын кирпичтери ысыгандын эсебинен жылыйт. Кирпичтер ысыкты катуу кармайт дагы тегерегине жылуулукту дагы ошончолук көбүрөөк берип турат. Устанын айтымында миң кирпич бир ысып алгандан кийин оңой эмес, бир топ эле энергияны бөлүп чыгарат. Мештин ичиндеги оту өчүп, табы акырындап кайтып, муздап бүткөнчөктү эле бөлмөлөргө бир кыйла жылуулук берет. Анын үстүнө муздак желди киргизбей, жылуулукту көпкө кармай турган энергоэффективдүү пластик терезе, эшиктер менен жабдылгандыктан мансарданын ичи жылуулукту көпкө чейин жакшы кармайт экен.

Максат Абакиров бир гана мешти салуу менен чектелбестен, ошол айылдын биргелешип иштөөгө кызыкдар, курулушка шыгы болгон жаштарды да ишке тартып, энергияны бир топ үнөмдөгөн мештерди курууну үйрөтүүдө. Жаштар ал жерде устачылыкты гана үйрөнбөстөн иштегени үчүн акча алып, кийин өз алдынча бригада түзүп иштеп кетишине шарт түзүлөт.

Байланыш түйүнү:  0551 49 49 44

Тариел Чунгулов, NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83