www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Парламентте Үңкүр-Тоо маселеси көтөрүлдү

Айнура Абдиназарова 13-декабрь 2017, 12:04

Коом


Парламентте Үңкүр-Тоо маселеси көтөрүлдү

“Республика Ата-Журт” фракциясынан депутат Кенжебек Бокоев Жогорку Кеңеште маалымат берип жаткан транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калиловго Үңкүр-Тоо маселеси тууралуу суроо салды.

Анда Бокоев бүгүнкү күндө Үңкүр-Тоонун абалы кандай экенин сурады.

Министр бул суроого жооп берүүгө даяр эместигин айтып, алгач ага Чек ара кызматы жооптуу экенин, андан кийин Маалыматтык технологиялар агенттигине караштуу маселе экенин билдирди.

Белгилей кетсек, Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы чек арада тактала элек тилкелердин арасында Жалал-Абад облусунун Аксы районунда жайгашкан Үңкүр-Тоо да бар. Ал жерде Кыргызстанга тиешелүү РРС-24 «Кербен» радиорелейлик станциясы жайгашкан. 2016-жылы чыр чыгып, Өзбекстан бул талаштуу аймакты өзүнүкү деп чыккан. 

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83