www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Шадиев “аташканын” тилин тапкан окшойт

Айдар Нуралиев 13-декабрь 2017, 13:34

Саясат


Шадиев “аташканын” тилин тапкан окшойт

С.Исаков башында турган “Акылдуу, жаш өкмөттүн” популисттик кырк кадамы акыркы чегине жетип, айласы кете баштаганбы, акыркы күндөрү баягы эле эл менен мамлекеттин түбүнө жетип, сызга отургузган чиновниктердин “эски гвардиясын” майлуу-сүттүү кызматтарга дайындоодо. Алардын бири биринчи вице- премьер-министр Аскарбек Шадиев.

Бул азамат тээ Ака­ев заманынан бери эле улам депутат, губернатор, министр болуп, айтор жомоктогу каармандардай эле бир креслону кучактап келатат. Бирок, иштеген ишинин майын чыгарып, ийгилик жараткандыгын уга элекпиз. Ошол эле учурда мамлекеттик кызмат менен кошо жеке бизнестин битин сыгып, бир топ байып алгандыгы белгилуү. Башкасын айтпай эле коёлу, эки жыл мурда Энергетика министри кезинде Казакстандан ташылып келген уулуу көмүр чырында да башы көрүнүп, бул чатак парламентте чоң чууну жаратып, шайтандын да тилин билген Шадиев айрым депутаттарды кантип сыйкырлагандыгын билбейбиз, кыскасы радиациялык көмүр чатагынын аягы күлгө айланган болчу.

Сыягы, бул ирет ЖКнын эл аралык комитетин жетектеген Аскар мырза аттан түшсө да тактан түшө элек Атамбаев менен БУУнун Ассамблеясына катышуу үчүн АКШга чогуу барып, “аташканын” тилин тапкан окшойт.

Булак: “Майдан.kg”


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83