www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ош шаарындагы 250 миң адамдардын кышка даярдыгы

Гүлжан Шерипбаева 13-декабрь 2017, 15:52

Коом


Ош шаарындагы 250 миң адамдардын кышка даярдыгы

Расмий маалыматтарга караганда Ош шаарында 250 миң адам жашайт. Чындыгында мында жашаган калктын саны 500 миңге барып калат. Ошончо сандагы калкты кыштан алып чыгуу Ош шаарынын жетекчилигин көңүлүнүн борборунда турат. Ош шаарынын мэринин биринчи орун басары Замир Аскаровдун айтуусунда мындай жооптуу милдет муниципалдык жылуулук камсыздоо ишканасына жана жылуулук электр борбору жүктөлгөн.

–2017–2018-жылга кышка карата даярдык көрүү боюнча маселеси Ош шаарынын мэриясында үстүбүздөгү жылдын 30-май күнү атайын талкууга коюлуп, ага карата атайын токтом кабыл алынган. Аны ишке ашыруу боюнча көзөмөл катуу болгондуктан, эки ишкана кышка карата даярдыкты 1-ноябрга карата толугу менен иш жүзүнө ашырды. Алсак жылуулук электр борборундагы (ЖЭБ) көлөмдүү 3 буу казан толугу менен ремонттон өткөн. Ал мазут жана газ менен иштейт. Бүгүнкү күнгө карата 14 441 тоннанын ордуна 18 499 тонна мазут тартылып келинди. Ишкана 13 млн куб метр жаратылыш газын сатып алуу боюнча «Газпром-Кыргызстан» жоопкерчилиги чектелген ачык коому менен алдын ала келишим түзүп, анын бир топ бөлүгү кампада сакталуу турат. Азыркы учурда ЖЭБ 36 билим берүү, 13 саламаттыкты сактоо мекемелерине 5 өнөр жай ишканасына, 8 жогорку окуу 262 көп кабаттуу, 86 жеке менчик үйлөргө жылуулук берип жатат. Кыш мезгилинде шаардагы электр энергиясы менен жылытылуучу от казандарынын ойдогудай иштеп туруусу үчүн оңдоп-түзөө иштери да талапка ылайык жүргүзүлдү. Жакында бул ишканага КР вице-прьемери Д. Кенекеев келип кетип, анын дарегине өзүнүн жылуу пикирин айтып кетти.

Кыш мезгилинде шаардагы электр энергиясы менен жылытылуучу от казандарынын ойдогудай иштеп туруусу үчүн оңдоп-түзөө иштери да талапка ылайык жүргүзүлдү. Тактап айтканда, кубаттуулугу 6–10–04 КВТ болгон 83 түн ордуна 97 даана көмөк чордон капиталдык, 706нын ордуна 721 даана көмөк чордон катардагы оңдоодон өткөрүлдү. Бул иш-чаралардын алкагында 12 даана 6–10–04 кВТ көмөк чордондорду тейлөөчү подстанцияларды кошумча куруу белгиленген болчу. Аны пайдаланууга берүү менен бир топ көмөк чордондорду натыйжалуу пайдаланууга шарт түзүлдү. Ошондой эле кубаттуулугу 04 кв болгон 107 км электр чубалгыларын жаңылоо белгиленген болсо, анын ордуна 114 км электр чубалгылары алмаштырылды. Мындан тышкары иштеп жаткан 5 көмөк чордондун кубаттуулугу жогорулатылды. Кокустан авариялык, күтүлбөгөн окуялар абал пайда болуп учурда аны өз убагында, ыкчам чара көрүү максатында атайын бригадалар түзүлгөн.

Ош шаарынын аймагында 15 көмүр сатуучу пункт уюштурулган. Көмүр кендеринен алып келгендер көчөлөрдү кыдырып сатып жүрүшөт. Бул жерде айтып коюшубуз керек, Ошто алам деген адамга көмүр кеңири. Шаар мэриясы тарабынан монополияга каршы агенттиктин өкүлдөрүнө катуу тапшырма берилди. Алар бизге өздөрүнүн аныктамасын алып келип беришти. Кийинки жумадан тартып, көмүр саткандардын арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлөт.

Биринчи вице-мэрдин сөзүн муниципалдык жылуулук камсыздоо ишканасынын директору Беделбай Кадырбердиев мындай маалыматтар менен кошумчалады:

— Биздин ишкана тарабынан 35 мектепке, 26 балдар бакчасына, 10 саламаттыкты сактоо мекемелерине, 9 жогорку окуу жайына, көп кабаттуу 261, 143 жеке менчик үйлөргө 15-ноябрдан тартып жылуулук бериле баштады. Муниципалдык жылуулук менен камсыздоо ишканасынын карамагындагы электр жана көмүр менен жылытылуучу 80 (жакынкы күндөрү ага экөө кошулат) от казандын баары толугу менен кышка карата толук даяр болду. Аларды үзгүлтүксүз отун менен камсыздоо үчүн 11 миң тонна көмүр даярдоо керек болсо, бүгүнкү күнгө чейин тендердин негизинде утуп алган фирмалардын аракети менен өзүбүздүн республикабыздын аймагындагы кенден казылган 9012 миң тонна көмүр даярдалды. Калганы белгиленген графиктин негизинде күн мурунтадан тартылып алынат. Ишканада көмүр боюнча көйгөй болбойт деп ишенимдүү айта алабыз.

Баарыбызга маалым, муниципалдык жылуулук камсыздоо ишканасы союз бузулган жылдарда көп кыйынчылыктарды баштан кечирген. Жылуулук берүүчү трассалар, жабдууларыбыз эскирип, техникаларыбыз жетишсиз болуп, жылуулук менен толук кандуу камсыз болбогондуктан, «Төлөйкөн», «Черемушка», «Кирпичный» кичи райондорунун көп кубаттуу үйлөрдүн көпчүлүгү биздин кызматтан баш тарткан учурлар да болгон. Мисалга алсак, «Кулатов» кичи районунда 28 үйдүн тогузу гана биздин кызматты пайдаланып, 19 үй электр энергиясын гана пайдаланып калган.

Муниципалдык жылуулук камсыздоо сыяктуу эки ишкана Өзбекстандан келген газ токтоп калган жылы кыйын кырдаалдан чыгуу үчүн Ош шаарында 82,9 млн сом көлөмүндөгү пайызсыз ссуда берилип, анын негизинде биздин ишканага Россиядан пайдалуу аракет коэффициенти жогору болгон заманбап 40 от казан алып келинген. От казандардын техникалык түзүлүшү менен таанышуу максатында Россиянын Алтай крайындагы Бийск шаарындагы от казан жасоочу заводго чейин барып келгенбиз. Башкаруусу толук автоматташтырылган мындай от казандары чынында эле абдан натыйжалуу үнөмдүү экендигин мезгил өзү тастыктап берди. Эски от казан суткасына 4 тонна көмүр керектесе, жаңылары болгону 1,5 тонна гана керектейт. Дагы бир артыкчылыгы БСШ маркасындагы эң майда көмүрдү пайдаланса болот.

Учурдан пайдаланып, Ош шаарынын мэриясынын көмөгү менен мурдагы жылдарга салыштырмалуу биздин ишканада чоң жылыш, көзгө көрүнөөрлүк өсүш бар экендигин баса белгилеп өтүү зарыл. Ош шаарынын мэриясы «эскирген жылытуучу системаларын оңдоого кеткен чыгымдын жарымын үйдүн жашоочулары өздөрү көтөрүшсө, калганын мэрия кошумчалайт» деген демилгени көтөрүп чыккан. Бул демилгени колдоого алган көп кабаттуу үйлөрдүн жашоочуларынын батирлериндеги жылуулук системалары капиталдык ремонттон өткөрүлүп, заманбап жаңы жабдуулар менен алмаштырылган. Кийинки жылдары ага кошулгандардын саны артты.

Мындай биргелешкен иш-чаралардын натыйжасында кийинки жылдарда эскилиги жеткен жылуулук алып баруучу трассанын 90% алмаштырууга жетиштик. Моралдык жактан эскирген жабдуулар заманбап жаңы типтегилери менен жаңыланды. Техникалар сатып алынды. Адистердин кесиптик квалификациясын жогорулатууга көңүл бурулду.

Кайсыл тармак болбосун анын ийгилиги же кемчилиги салыштыруу менен аныкталат эмеспи. Бир топ жыл мурда шаарда жылуулук керектөөчүлөрдүн саны 5000 гана болсо, бул көрсөткүч 12612ге чейин өстү. Бул цифралар шаарда жылуулук берүүнүн сапаты жогорулагандыгын, жашоочулардын бийликке болгон ишениминин арткандыгынын далили.

Төлөнбай АБДЫРАЗАКОВ, Ош шаары

Булак: "Ачык Сөз"


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83