www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Адам өзү тагдырына балта чабат: Бабанов акчанын кудуретине бекем ишенген болчу

Айнура Абдиназарова 13-декабрь 2017, 16:19

Саясат


Адам өзү тагдырына балта чабат: Бабанов акчанын кудуретине бекем ишенген болчу

Айрыкча саясаттын чордонунда жүргөн кыйындар өзүнүн тагдырына балта чаап аларын көрүп эле келатабыз. Мурда жөн эле физик мугалими болуп жүргөндөр тез эле саясаттын рулун колуна алганында жер баспай каларын байкаган деле чыгарсыңар.

Маселен окумуштуу адам деп эсептелип калган Аскар Акаевди ажо кылгандан кийин аягы эмне болду? Качып кетип аман калды, же мунун жалганы барбы? Ал эми дагы бир физика мугалими Өмүрбек Текебаев болсо алгач депутат кезинде маселе көтөрүп элдин талабын талашкандай болуп көрүнчү. Кийин, тагыраагы жети жыл мурда кылычын кынына салып, жанданып, майланып алгандан кийин жакпаган спикерин, баш баканын, министрин, депутатын чаңга оонатып бозала кылганын башкалар унутса да Акматбек Келдибеков, Камчыбек Ташиев, Жантөрө Сатыбалдиев, Зарылбек Рысалиев сыяктуу үлкөндөр унута элек. Буларга майда-чүйдөлөрдү кошпой эле коелу.

Менин миңдеген колдоочуларым бар, капыстан камап салышса бир тал чачымды түшүртпөй түрмөдөн купкургак сууруп алышат деп катуу ишенип алган Өмүкең эч кимди тоотпой калган эле. Ал тургай калк тарабынан такка отурган ажонун ашмалтайын чыгарып салуу мен үчүн топташ ойногондой эле кеп деп чамынган. Эгерде сен Атамбаевдин жолун чапсаң эч нерсени кыйрата албайсың деп ошол кездеги өкмөт башчы Сооронбай Жээнбековго тиш көрсөтүп мыскылдаган. Насип буйруп Сокенин ыргыткан ташы өйдө жакка түшүп, ажолук тактыга отуруп калды. Ал эми ошол кездеги номер биринчи “чабуулчу” кантип темир торго киргенин эмдигиче аныктай албай мээси тегеренген кези. Кызыгы, жаңыдан темир тор артына киргенде эки жүз колдоочусу болсо, кийинчерээк сегиз гана адам соттун эшигин кайтарып калды. Калгандары көрсө курсагын тойгузуш үчүн келишкен экен.

Кандай болгон күндө да Өмүкенин азыркы абалы “айттагыдай” дештин өзү натуура. Ичинен кан сыбызгып жатканын деле миң түрлөнсө деле сезип турабыз. Түрмө деген курорт эмес, анын чоо-жайы бөлөк. Ошондо буга ким күнөөлүү? Эч ким. Болгону өзүнө орду өзү казып алды.

Баса, ошол “элестүү” мезгилде фракциянын лидерлери Текебаевдин акыбалын аңдап коелу деген негизде түрмөгө баш багышкан. Анан жуп кетерде: “Тигил Бабанчикке айтып койгула, ал деле бул жердин боткосун жеп калар күн келет”-деп саламын жолдогонун уккан жайыбыз бар. Көзү ачыктык кылдыбы, же жемкорлор баары бир бул караңгы жердин абасынан дем аларын жон териси аркылуу туйдубу Текебаевдин сөзүнүн аныгы чыкчудай болуп турат. Кеп чынынан бузулбасын көрөңгөлүү эл илгиртпей билет. Акыйкатында Өмүрбек Бабанов акчанын кудуретине бекем ишенип алып чоң кармашка бет алды. Жолуман чыккандын баарын таракандай тебелейм деп катуу киришти ажолукту алганга. Түшүндө тактыга отурганын өңүм деп жулкунуп алдын-ала эле “моторун” от алдырып алды. Тилекке каршы көктө илинген куйрукту насип буйруган киши алгачкылардан болуп ооз тийип калганын увазирлерине бөлүштүрүп койду жулунбастан эле.

Булак: Ачык сөз


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83