www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ак үй – ШЫБЫРТ: Соттордун соту Ак үйдөгү Манас баатыр же Жээнбековго кулак кагыш...

Гүлжан Шерипбаева 16-декабрь 2017, 15:18

Саясат


Ак үй – ШЫБЫРТ: Соттордун соту Ак үйдөгү Манас баатыр же Жээнбековго кулак кагыш...

Азыркы учурда элдердин сотторго болгон нараазычылыгынын негизги себепкери КР президентинин аппаратындагы юридикалык бөлүмүн жетектеген Манас деген аткаминер. Анткени акыркы жылдардагы соттордун акыйкатсыз чыккан чечим менен өкүмдөрдүн автору так ушул Манас Баатыр.

Ак үйдүн адамдарынын бизге берген маалыматына караганда учурда соттордун ишине так ушул Манас баатыр кийгилишип буйрук берет. Ошол себептен бийлик алмашылгандан кийиники жүргүзүлгөн сот реформасы аксабай эле чалынып, кулап, мүдүрүлүп жаткандыгы баарыбызга маалым. Бирок муну менен мыйзамдуу жана мыйзамсыз камакта жаткандар "соттордун адилетсиз чечими" деп түшүнөт.

Алсак, соттордун өздөрүнүн кесипкөйлүгүнүн тажрыйбасы жоктугунан кызматтан кетпейт, алар жогорудагы адамдын буйругунан кызматтан кеткенин көпчүлүк биле бербейт экен. 

Бул маалыматка таң калуунун кажети жок, бирок саясый же күнүмдүк турмушка байланыштуу сот процесстеринин жүрүшүнө чечим кабыл алуусуна чоң Ак үйдөгү учурдун Манас баатыры эмне дейт болду экен ыя.

Негизинен тажрыйбалуу сотторду кандайдыр бир кабыл алынган чечимдерге күнөөлөп, Манас мырзага жакпаган сотторду кызматынан айдап кетирүү мыйзамга дал келбейт. Манас баатырга окшогондор так ушул тапта сот системасына чоң зыян келтирип жаткандыгын жаңы президент Сооронбай Жээнбеков көзөмөл кылбаса “бовойт”.

Андыктан, Ай үйдөгү Манас баатырдын изин кырып же Сооронбай Жээнбеков Манас баатырды бурчка такап койсо жакшы болот беле дейбиз да.

Мындай кадрлардан Жээнбеков тез арада айрылбаса кайра эле баягы мурдагы кеткен президенттердей эле Жээнбековго дагы сөзсүз залакасы тийет.  Соттордун Соту Манас мырза акылына жакшы келсе болот беле...

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83