www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Адахан Мадумаров: Болот Шамшиев, Самара Токтакунова Кыргыз эл баатыры эмес, экөөнө жок дегенде гвоздика гүлүн берген жок?

Гүлжан Шерипбаева 16-декабрь 2017, 18:30

Саясат


Адахан Мадумаров: Болот Шамшиев, Самара Токтакунова  Кыргыз эл баатыры эмес, экөөнө жок дегенде гвоздика гүлүн берген жок?

— Болот Шамшиевдин 75 жылдыгында орден берип койгонго жарабаган президент, өзүнүн шоопуруна “Манас” орденин берди. Кыргыз киносунун могиканы Шамшиев ким да, Илмиянов ким? Бирок, азыр тараза ташы ушундай бааланып жатпайбы?

— СССРдин эл артисти, жападан жалгыз арабызда тирүү жүргөн замандашыбыз, СССР мамлекеттик сыйлыгынын ээси 75 жашка чыкты. Ошол адамга кыргыз бийлиги жок дегенде 3 даана гвоздика гүлүн берип койгон жок го. “Манас” ордени же башка сыйлык деп айтпай эле коёюн. Маданият министри да басып барып койгон жок. Казактан келген боордош эмне деп айтканын, кулагыма мөөр баскандай басылып калган сөздү айтып берейин. “Казактын кең талаасы, керемет жери бар. Жеринин кеңдиги боюнча дүйнөдө тогузунчу орунда турабыз. Бүтүндөй аалам тааныган президенти бар. Нурсултан Назарбаев деген. Казактын ушунча газы бар, дүйнөдө үчүнчү орунда турабыз. Аттиң бир арман, ушунча байлыгыбыз бар. Бирок, бир Бокебиз жок (Болот Шамшиевди айтып жатат). Боке, сиз Казакстанга келиңиз. Тоюңузду Казакстанда тойлойлук. Бүтүндөй байлыгыбызды таразанын бир четине коюп, бир четинде Боке турса, Бокең басып кетет” деди. Мына, казактын берген баасы. Бул деген кыргызды жипсиз муунтуп, бычаксыз мууздап, жерге казык кылып кагып койду деген сөз. Анын алдында Мыскалдан кийинки залкар Самара Токтакунова 70 жашка чыкты. Филармонияда чоң салтанат болду. Аны мыскылдагандай кылып, ардак грамотасын берип жатат. Ал киши СССРдин эл артисти.

— Такыр болбоду дегенде БШКнын төрайымы Шайлдабековага берген “Курманжан Датка” орденин Самара Токтакунова эжеге берсе болмок…

 Баракелде. Болот Шамшиев, Самара Токтакунова экөөсү тең Кыргыз эл баатырынан ашса ашат, андан кем сыйлыкка татыктуу эмес. Атамбаевдин буйругу менен “Баатыр” болушпай эле коюшсун. Бирок, булар кыргыз элинин алдында, кыргыз тарыхындагы “Баатырлар”. Эртең “Манасты” алгандар кетет, булар кыргыз элинин жүрөгүндө түбөлүк кала турган инсандар. “Манасты” алып шедиреңдегендер өзүнүн аялынан башкага кадыр-баркы да жок. Ошентип “Манас” таккандан көрө такпай койгон жакшы. Өзүнүн кол алдында жүргөн шоопуруна берген “Манас” орденин Россиянын президентине да бергени, Путин менен шоопурунун даражасы бирдей деген сөз. Алар “Манасты” алгандан кийин “Манасты” тагынуунун өзү уят болуп калды, түшүнгөн кишиге. Биздин керемет драматург жазуучубуз Мурза Гапаров “Урматтуу Аскар Акаевич, 21-кылымдын кадрлары ушулар боло турган болсо, мен 21-кылымга кирбей, 20-кылымда калдым” деп жазбады беле. Ошол сыяктуу эгерде “Манас” ордени ушундай кишилерге татыктуу болгон болсо, мындан ары “Манас” орденин алуу уят. БШКнын төрайымына шайлоону керемет өткөрүп бердиң деп орден берүүнүн өзү укмуштуудай арсыз, абийирсиз көрүнүш. Рахмат, биз каалаган санды чыгарып бердиң деген сөз. Бул мамлекеттик сыйлык эмес, жеке кишинин сыйлыгы болуп калды.

Булак: Жаңы ОРДО


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83