www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Адахан Мадумаров: “Атамбаев “Кыргыз эл Баатыры эмес, Сооронбай Жээнбековдун Баатыры”

Гүлжан Шерипбаева 16-декабрь 2017, 18:53

Саясат


Адахан Мадумаров: “Атамбаев “Кыргыз  эл Баатыры эмес, Сооронбай Жээнбековдун Баатыры”

— Өзүңүз Атамбаевге “Кыргыз Республикасынын Баатыры” деген жогорку наамды эмне кылганы үчүн берди?-деген суроону айттыңыз. Ушул суроонун жообун дагы өзүңүз айтпайсызбы?

— Кыргыз элинин алдында кадыр-баркы 3 пайыз экенине карабай туруп президент кылып койгондугу үчүн “Баатыр” болду. Бул менин сөзүм эмес, Атамбаевдин өзүнүн сөзү. “Соке, күрөшкө түшкөндө кадыр-баркың 3 пайыз эле. 25 күндө 54 пайызга чыгарып койдум” деди. Бул чоң баатырдык. Ошон үчүн берди. Милдеттүү болду. Бул дагы кыргыз элинин “Баатыры” эмес, Жээнбековдун “Баатыры” болуп калды. Эл “Баатыр” катарында кабыл алабы, албайбы башка маселе.

— Атамбаев президенттиктен кетип жатып аскерге барбаган жакын адамдарына дагы генералдык чинди берип жиберди. Орден менен кошо генералдыктын дагы баркы кетти. Өзүнүн кайнисине, жансакчыларына генерал чинин берди. Ушуларды көрүп туруп, генерал болом деген офицерлердин дагы максатын талкалап кеттиби дейм да?

— Сегизбаевди атайын кызматка дайындаганда 30 жылдап өтүк кийип жүргөн офицерлердин бетине чапкан шапалак болду деп өзүмдүн пикиримди айтканмын. Туура айтасыз, ушуну менен аскер кызматкерлеринин кадыры кетет. Путин полковник учурунда отставкага кеткен. Дүйнөнү дүңгүрөтүп турган 3 аскердик державанын бирөөсүнүн башкы кол башчысы. Путин деле өзүнө генералдыкты алып алса болот беле? Каддафи дагы полковник боюнча кетти. Гитлер дагы ефрейтор боюнча калган. Булар аскер эмне экенин түшүнгөн адамдар. Менин кызматымды дагы аскер кызматына которсо генерал-полковник. Мен дагы аскердик форма кийимин тиктирип алып, кийип алсам кете берет. Бирок, мен үчүн эң жогорку даража гвардиянын старшинасы Мадумаров бойдон калуу баалуу деп ойлойм. Германияда 1984-жылы берилген. Бул ар бир солдаттын ошол деңгээлге жетүү тилеги. Эми 30 күн өтүк кийбей генерал болуп алгандан өздөрү деле уялышы керек. Такыр жарашпайт. Дүңгүрөтүп аткан аскерди башкарган Шойгу МЧСти башкарып жүргөндө эле армиянын генералы эле. Коргоо министри болгондо деле армиянын генералы бойдон калды. Ал соңку 3 жылдын ичинде Россиянын аскердик техникаларын кандай деңгээлге жеткирип, Сирияда коюлган маселени жеңгендиги үчүн деле Россиянын маршалы кылып койсо болот болчу. Радионов жалгыз бир гана Россиянын маршалы. Радионовдун көзүөткөнүнө канча болду. Ошондон бери маршал эч ким боло элек. Мына, наамга болгон мамиле.

— Эртең 30 жылдап өтүк кийип, автомат атып октун жытын жыттабагандар генералдык үчүн элдин эсебинен олчойгон пенсия алышат. Өмүр бою жөнөкөй иште иштеген жаран ак эмгеги үчүн 5–6 миң сом пенсия алат. Маселе эртең дагы жаралып жатпайбы?

— Ошол оокаттардын баары арам. Сегизбаевдин атайын кызматка билими да такыр жолобойт. Өзү агроном. Бул боло берет дегендик. Боло бербейт, бул өзгөчө кызмат. Менин колума жаңы чыккан скальпелди берип, эң жеңил операция сокур ичегини жаса деп кыйнаса да барбайм. Себеп, мен аны билбейм. Адам өзү билбей турган жерине барыш, биринчиден өзүн сыйлабагандык. Мамлекеттик кызматтын деңгээли да болуп көрбөгөндөй түштү. Мисал, Суворов күзөттө турат. Екатерина маңдайына келет да алтын тыйынды алып туруп “Сен жакшы кызмат кылып жатасың. Мен сени байкап жүрөм. Сага ыраазымын. Ушуну менин колумдан ыраазычылык катары ал” дейт. Суворов колуна мылтыгын кармап, түптүз турган бойдон “Жок, ала албайм” деп айтат. Дүйнөнү башкарып жатам деген ханайым таң калат. “Неге ала албайсың?” десе, “Мен кызматтамын!” дейт. Екатеринанын артында ээрчип жүргөндөрү бар да. Ошолор “Эмне деген наадандык. Ханайым колун сунса албай койду” дегенде, ханайымдын бийиктигин караңыз, бираз ийилип туруп, бутунун астына таштап коюп “Нөөмөтүң бүткөндө алып ал” деп басып кетет. Сунган нерсени кайра алган, тфу деп түкүргөн түкүрүктү кайра жуткан менен бирдей дейт. Көрдүңүзбү, колун сунду, кайра алган жок. Акырын тырмагынын учу менен жерге таштап койду.

Булак: Жаңы ОРДО


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (8)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83