www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
83 жаштагы пенсионерди ур-токмокко алып акча талап кылган

Айнура Абдиназарова 19-декабрь 2017, 11:21

Кылмыш жана кырсык


83 жаштагы пенсионерди ур-токмокко алып акча талап кылган

2017-жылдын 15-декабрь күнү болжол менен саат 21:40 чамасында Жайыл районунун ички иштер бөлүмүнүн нөөмөт бөлүгүнө европа улутундагы болжол менен 80-85 жаштардагы аял киши денесине жаракат алып, аймактык ооруканага жеткирилгендиги тууралуу маалымат келип түшкөн.

Бул окуя боюнча Жайыл районунун ИИБнин ыкчам-тергөө тобу ооруканага барышып, жабырлануучунун өздүгүн такташкан. Ал Кара-Балта шаарынын 83 жаштагы жашоочусу К.В. экендиги аныкталган. Териштирүү учурунда, жабырлануучу окуя тууралуу төмөндөгүлөрдү айтып берген. 15-декабрь күнү болжол менен 15:30 чамаларында 83 жаштагы К.В. аттуунун үйүнө бейтааныш эки аял киришип, күч колдонуу менен акча талап кылышып, катуу нерсе менен баш тарабына чаап, акчасын алышып окуя болгон жерден из жашырып кетишкенин билдирген.

Бул окуя боюнча Жайыл районунун ИИБнин тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 168-беренеси (Каракчылык) боюнча кылмыш-иши козголуп, зарыл болгон экспертизалар дайындалган. Жайыл районунун ИИБнин кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-аракеттеринин натыйжасында жогорудагы кылмышка шектүү делип, мурда бир нече жолу соттолгон Кант шаарынын 39 жаштагы тургуну Д.Ф. аттуу аял кармалып, Жайыл районунун ИИБнин убактылуу кармоочу жайына камакка алынган.

Учурда кылмышка шектүү экинчи аялды кармоо үчүн ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүүдө деп билдирет Чүй ОИИББнин Басма сөз кызматы.

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83