www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Мектептердеги окутуу 5 күндүк тартипке өтүүдө

Айнура Абдиназарова 19-декабрь 2017, 09:54

Коом


Мектептердеги окутуу 5 күндүк тартипке өтүүдө

Кечээ, 18-декабрда Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитет «Билим берүү жөнүндөгү» мыйзамга сунушталып жаткан өзгөртүүлөрдү экинчи окууда карап, жактырды. Анда мектептердеги окуу мөөнөтүн жумасына 5 күндүк ченемге өткөрүү жагы сунушталууда. Демилгечи депутат Дастан Бекешев бул норма менчик мектептерге да тишелүү, - дейт.

Парламенттик телеканалды түзүү маселеси боюнча Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин жумушчу тобунун сунушу да бул жолку олтурумдун күн тартибинде каралып, комитет мүчөлөрүнүн колдоосуна ээ болду.

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тарых музейиндеги мумияланган аял кишинин сөөгүн жерге берген маселени изилдөө боюнча комитеттин жумушчу тобунун ортолук маалыматы да кызуу талкууну жаратты деп билдирет Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы.

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83