www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Максуд Ибрагимов кургап жок болуп бара жаткан Арал деңизин кайрадан сууга толтуруу ыкмасын айтты

Гүлжан Шерипбаева 30-декабрь 2017, 18:46

Дүйнө жүзүндө


Максуд Ибрагимов кургап жок болуп бара жаткан Арал деңизин кайрадан сууга толтуруу ыкмасын айтты

Каракалпак мамлекеттик университетинин профессори Максуд Ибрагимов соолуп жок болуп бара жаткан Арал денизи тууралуу бир нече макала жазгандыгын билебиз. Максуд Ибрагимовдун Арал деңизи тууралуу макаласын окурмандарга сунуш кылабыз.

- Максуд Юлдашевич, Арал деңизи соолуп жок болуп бара жаткандыганан улам бүтун дүйнө жабыр тартат деп айтылып келүүдө. Анын алдын алуу боюнча бир нече иш-чаралар болуп өттү, жыйынтыгы кандай болуп жатат?

– Биринчиден, Арал деңизинин суусу тартылып жок болгондугуна  байланыштуу суу тартылып кеткен катмарларга жаңы топурак пайда боло баштады. Ал тургай чөптөр өсүп чыга баштады. Демек, соолуп – кургап  бара жаткан катмарлар чаңдардан тазаланып, топурак пайда боло баштады. Экинчиден суудан калган жерлерге өсүмдүктөр эгилүүдө. Алсак Арал деңизинин 5,5 млн гектар жери суусу жок кургап калган. Ошондо 3,5 млн гектар жерге табияттын жардамы менен өсүмдүктөр чыгып кетиши мүмкүн.

– Чоп-чаар чыкпай турган жерлерге кандай чаралар колдонулуп жатат? – Чөп чыкпай калган катмарларга да атайын чара колдонулду. Жакында эле Каракалпак мамлекеттик университетинин экология кафедрасынын докторанты Махмуд Аллмуратов илмий иш жазып, өсүмдүктөр өспөй турган кумдуу жерлерге, кумардын күчүн жок ккылуу үчүн атайын химиялык бирикмени иштеп чыкты. Аталган химикат кумду 8 миллиметр калыңдыкта катырып таштай алат. Эгерде жамгыр жай турган болсо кумдун катышыны чон пайдасы тийет.

– Арал деңизине суу алып келсе болобу? Жакында эле илимий-иш-чарада ушул маселени көтөрүп чыккан элеңиз. Демек, Арал деңизин кайра сууга толтуруу мүмкүнчүлүгү бар...

– Жиззахда чоң көлдөр бар. 1969-жылы Сыр дарыяда туу толуп, Айдар-Арнасай көлдөрүндөг ү суунун көптүгунөн улам, Кызыл кум баткакка айланып баштады. 1993-жылдан бери Сырдарыяда суунун көптүгүнөн улам, ашыкча суулар көлмөлөргө куюлуп, көлдөрдүн саны көбөйүүдө. Сууларда жөн эле кармап туруп же чөлдөргө агыза бербей Арал деңизине куйганга чара көрүлүшсө жакшы болот эле. Муну менен деңиз дароо эле толуп калбайт, бирок туздун көлөмү азайышына шарт түзулөт.

– Эмне себептен Сырдарыянын суусу көлдөргө келип куюлат?   

– Сырдарыянын суусу Казакстан тараптан толук агып өтпөйт. 1969-жылы суунун көлөмү 2 миң 175 квадрат километрди түзсө, азыр 4 миң квадрат килметрден ашык. Акыркы маалыматтарга таянсак, 200 миң гектар жер суу астында калып, суу кудуктары, балыкчылардын жашаган жерлерин суу жууп кеткен. Кызылкум чөлү баткакка айланып бара жатат. Суунун көлөмү 3 эсе жогорулады.

Эске сала кетсек, Арал деңизи, Арал - Каракалпак Республикасы менен Казакстандын аймагында жайгашкан мала туздуу туюк көл-деңиз. Субтропик алкагынын чөл зонасында жайгашкан. Аянты 36,5 миң км2 (1991). Басымдуу тереңдиги 1015 м, эң терең жери 54,5 м. Түндүк жээги тик, батыш жээги жардуу, түштүк жана чыгыш жээктери түзөң. Барса-Келбес, Кайра жаралуу жана башка аралдары бар.

Көлгө мурда Амударыя менен Сырдарыя куйган. Суунун бетиндеги температура жайында 26-30°С, кышында 0°С. Кышкысын деңиздин бардык жеринде муз кездешет. Туздуулугу 15,9%ошондой 20-кылымдын 60-жылдарынан баштап, көлгө куйган дарыялардын суусу сугатка кеңири пайдалангандыктан деңиз суусу кескин тартылып, туздуулугу артууда. Азыр Сырдарыя, айрым жылдары Амударыя көлгө куйбай калган. Натыйжада көлгө чектеш аймактарда чөлдөшүү процесси күчөп, социалдык-экономикалык структура өзгөрдү. Арал деңизинин аймагы - «экологиялык алаамат зонасы» деп жарыяланып, аны коргоо чаралары көрүлүүдө.

М.Пирназарова, Каракалпакстан маалымат агенттигинин журналисти

Булак: NazarNews.kg  


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83