www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ырчы Жеңишбек Айтиевдин өзүн дагы соттоду, баласын да өлтүргөндөр соттолду

Перизат Кутманалиева 31-январь 2018, 15:29

Коом Маданият


Ырчы Жеңишбек Айтиевдин өзүн дагы соттоду, баласын да өлтүргөндөр соттолду

Ош шаардык сотунун чечими менен белгилүү ырчы жана куудул Жеңишбек Айтиев Кыргыз Республикасынын Кылмыш-Жаза Кодексинин 234-беренеси (бейбашчылык) менен төрт жылга эркинен ажыратылды. Акырында ага карата 63-берене колдонулуп, 1 жылдык сынак мөөнөтү  менен шарттуу соттолду.

Ырчы Жеңишбек Айтиев камакка алынган жок. Бирок, өкүм 2018-жылдын 12-январынан күчүнө кирди.

Эске салчу жагдай: Жеңишбек Айтиев 12 жаштагы уулу Туратбекти өлтүргөн кылмышкердин атасы менен чырдашып, ачуу үстүндө ага бычак шилтеген. Ашкана бычагы кылмышкердин атасынын колуна сайылган эле. Кийинчерээк Жеңишбек Айтиев сот өкүмү туурасында пикирин билдирип, жабыркаган киши атайын аны шантаж кылгандыгын баса айткан.

– Дагыле күйүттүн үстүндө олтурам. Алар үйүмө утуру кечирим сурап келе беришти. Буларды көргөн сайын балдарым ыйлайт, жүрөгүм дагы ооручу. Ошол күнү дагы аларды катуу эскертип, “үйүмдөн чыгып кеткиле!”- дегемин. А түгүл кайра келбеси үчүн бычак менен деле коркуткам. Ал кокусунан колуна тийип, териси бир аз тилинип гана кетиптир. Соттун өкүмү боюнча даттанбайм. Эгер мен ал кишинин ордунда болгондо бир колумду кесип салса дагы унчукпас элем. Ал атайын мага жабышып, шантаж кылып жатат. Үйүнүн терезелерин өзү сындырып, ага дагы мени айыптап атат,- деп чырылдады ырчы Жеңишбек Айтиев.

Баса, 2016-жылдын 21-октябрында саат 12:30 чамасында Ош шаарындагы Гастелло көчөсүнүн №1 “Б” дарегиндеги үйүнүн алдынан 2004-жылы туулган Туратбек Айтиевдин сөөгү табылган. Маркум өспүрүмдүн көкүрөгүндө жана моюнунда бычактын бир нече изи болгон. Анын өлүмүнө шектелип кошунасы А.Н. кармалган. Туратбектин артында эки иниси жана жалгыз карындашы калышты.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчыбыз

Булак: "Майдан.kg"


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83