Перизат Кутманалиева 31-январь 2018, 17:47
Өбүшүү аркылуу сүйүү жана ардактоо сезимдерин билдирүүгө болот. Анын кандай зыяны жана пайдасы бар экенин билесизби?
- Өбүшүү учурунда угуу жөндөмдүүлүгүн жоготуп алуу коркунучу бар. Кытай кызы сүйүктүүсүн кумарлуу өпкөндүктөн, кулак добулбасынын жаргакчасы жарылып кеткен.
- Өбүшүү бырыштардын пайда болуусун алдын алат. Анткени, өбүшүү учурунда беттеги жүз кырк алты булчуң активдүү иштейт.
- Австралиялык врачтар шилекейде жараны айыктыруучу затты табышкан. Адамдар бул затты өбүшүү аркылуу бири-бири менен алмашышат.
- Үй жаныбарларын тез-тез өөп турган адамдарда тиш бактериясынын саны тездик менен көбөйөт.
- Өбүшүү ден соолукту жакшыртуучу мыкты касиетке ээ. Профессор Тоумен далилдегендей, ар бир адам суткасына минимум үч жолу өбүшүп турса, жүрөк кан-тамыр оорулары менен алты эсеге аз ооруйт.
- Өбүшүү аллергиялык реакцияны чакырууга жөндөмдүү. Изилдөөчүлөр чемичке жана жаңгакка аллергиясы бар 379 бейтаптардын оорусунун себебин изилдешкен. Жыйынтыгында алардын 25и башка адам менен өбүшкөндөн кийин аллергия өөрчүп баштаган.
- Адамдар өбүшүүнүн айынан гепатит В, герпес, сасык тумоо жана пародонтоз ооруларын жуктуруп алуулары мүмкүн.
- Алтымыш секунддук өбүшүү болжол менен отуз алты калорияны эритүүгө жөндөмдүү.
- Энелер өз балдарынын бетин жана оозун назик өбүү менен аларга кариес жуктуруп алышарын байкашпайт.
Өбүшүүнүн психологиясы
- Психологдордун айтуусу боюнча өбүшүү адамдарды стресстен сактайт жана нерв системасын бат тынчтандырат.
- Профессор Геллап жигиттер сүйүктүүсүн секс менен алектенүү үчүн өбөөрүн билдирген.
Өбүшүү өмүрдү узарта алабы?
- Чындыгында көп өбүшкөндөр стресске аз кабылары байкалган. Ал негативдүү таасирге тынч мамиле жасашат, негизи эле андай нерселерге көңүл бурбай басып кетишет.
Булак: "chabarman.kg"
Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!
Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!
NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.
Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!
Telegram Channel: @nazarnewskg
NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!