Жазгүл Урманбетова 31-январь 2018, 18:15
Бүгүн, 31-январда Жогорку Кеңештин жыйынында Бишкек жылуулук электр борборунда түзүлгөн кырдаал боюнча маселе каралууда.
Анда КСДП фракциясынан депутат Аида Касымалиева "Улуттук энергетикалык холдингдин" башчысы Айбек Калиевден канча айлык маяна ала турганын сурады.
Айбек Калиев: "Мен 39 миң сом алам. Бишкек ЖЭБинин жетекчисинин айлыгы 27 миң сом. От казанды иштеткендер эң аз дегенде 16-17 миң сом алышат", - деп жооп берди.
Айта кетсек, Бишкек шаарынын ЖЭБин модернизациялоо долбоорунун алкагында мурунку жабдуулар алынып, жаңы жабдуулар курулган. Буга жалпы эсепте 386 миллион доллар сарпталгандыгы белгилүү болду. Депутат Данияр Аттокуров (КСДП) Тынаев Айдар Асанович тууралуу суроо берди. Ага А.Калиев жооп берип, ал сурап жаткан А.Тынаев Ысык-Көл электр тармактары ишканасынын директору экенин билдирди.
29-январда өткөн брифингде Бишкек ЖЭБдин башкы инженери Нургазы Жээнбеков жаңыланган от казанын кошуу боюнча өзү чечим кабыл алса боло турганын айткан. Бирок ал эмне үчүн жаңыланган от казанын кошконго уруксат бербегени боюнча журналисттердин суроолоруна жооп бере алган жок.
Булак: NazarNews.kg
Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!
Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!
NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.
Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!
Telegram Channel: @nazarnewskg
NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!