Перизат Кутманалиева 28-февраль 2018, 12:31
Түркияда кыргызстандык аял чогуу жашаган коньялык эркекти өлтүрүүгө айыпталып 25 жылга эркинен ажырады. Бул тууралуу өлкөнүн жергиликтүү басылмасы Haberler жазып чыкты.
Окуя 2016-жылдын август айында болгон. 24 жаштагы эркектин сөөгү өзүнүн батиринен табылган. Кийин негизги шектүү катары аны менен чогуу жашаган 23 жаштагы кыргызстандык аял кармалган. Ошондой эле дагы бир шектүү катары Түркиянын жараны колго түшүрүлдү.
Haberler басылмасы жазып чыккандай соттук териштирүү иштери эки жылга созулган. Тергөө учурунда кыргызстандык аял сексуалдык кулчулуктун курмандыгы экени аныкталган.
Аны менен кошо беш досун Антальяга жумуш менен камсыздайбыз деп алдап чакыргандар шаарга келгенде паспортун тартып алып, сойкулук менен алектенүүгө мажбурлашкан. Иш учурунда ал 24 жаштагы жигит менен таанышып калат. Ал кызды оор кырдаалдан куткарууну чечип, сутенерго 3000 доллар төлөгөнү белгиленген.
Сурак учурунда айыпталуучу аял окуя болгон күнү чогуу жашаган эркеги мас болуп келип аны сабаганын, кордукка чыдабагандыктан аны жоолук менен муунтуп качып кеткенин айткан. Анын шериги дагы сотто суракка алынып, натыйжада аял 25 жылга, шериги 12,5 жылга эркинен ажыратылды.
Булак: "sputnik.kg"
Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!
Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!
NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.
Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!
Telegram Channel: @nazarnewskg
NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!