Жазгүл Урманбетова 05-март 2018, 13:22
"Суунун калыбы" фильми "Мыкты тасма" багытында "Оскар" сыйлыгын алды. Анын тарткан Гильермо Дель Торо "Мыкты режиссер" деп табылды.
Америка киноакадемиясынын "Оскар" киносыйлыгынын быйылкы жеңүүчүлөрүн сыйлоо 4-мартта Лос-Анжелестеги "Долби" театрында өттү.
"Мыкты актриса" деп Фрэнсис Мак Дорманд табылды. Ал «Эббинг четинде үч билборд, Миссури» фильминдеги ролу үчүн сыйланды.
"Мыкты актер" наамын "Кыйын кезең" фильминдеги ролу үчүн Гарри Олдман жеңди.
"Оскар" тапшыруу аземи ушуну менен токсонунчу жолу уюштурулууда. Анда 2017-жылы чыккан тасмалар боюнча мыктылар аныкталды.
Тандоо жараяны былтыр ноябрда башталып, быйыл 28-февралда аяктаган.
Кино тармагындагы эң абройлуу делген “Оскар” сыйлыгын жыл сайын АКШнын кинематография, искусство жана илим академиясы ыйгарат. Сыйлык 1929-жылы негизделген.
Булак: NazarNews.kg
Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!
Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!
NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.
Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!
Telegram Channel: @nazarnewskg
NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!