www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Исхак Масалиев:“Сооронбай Жээнбеков коррупцияга каршы күрөштү өзүнүн айланасындагы адамдардан башташы керек”

Гүлжан Шерипбаева 07-март 2018, 11:33

Саясат


Исхак Масалиев:“Сооронбай Жээнбеков коррупцияга каршы күрөштү өзүнүн айланасындагы адамдардан башташы керек”

Президент Сооронбай Жээнбеков Коопсуздук кеңешинин жыйынында Кыргызстан “Transparency International” уюмунун коррупциянын деңгээли боюнча рейтингинде өйдө көтөрүлө албай жаткандыгын, буга укук коргоо, фискалдык органдар жана сот бийлиги күнөөлүү экендигин билдирди. Ошондуктан, коррупцияга каршы күрөштү күчөтүү талабын койду. Өлкө башчысынын айтканы аткарылабы, бул убадалардын өтөсүнө чыга алабы? 

- Сооронбай Жээнбеков коррупцияга каршы күрөштү кечээки шайлоодо анын женишин камсыз кылган өзүнүн айланасындагы адамдардан башташы керек. Үгүт иштерине чачылган эбегейсиз акча каражаттарын алар айлыктын эсебинен эле чогулткан жок да. Коопсуздук кеңешиндеги билдирүүлөргө мен олуттуу деле карагым келбейт. Бул шоунун бир элементи. Президент мындай катуу сөз сүйлөгөнү менен бир да адамды кызматынан алган жок. Ал болгону эле эл ичинде айтылып жүргөн сөздөрдү кайталап койду: күч органдарына ишенич жок... Бирок, Сооронбай Жээнбеков эч кандай аракет жасабады. “Жакшы ит үрбөйт, ал тиштейт”- деген сөз бар эле... Коррупционерлер жөнүндө кыйкырып, сөгүнүп, сүйлөп олтуруштун кереги жок. Аларды эч эскертүүсүз эле жок кылыш керек, - деди Жогорку Кенештин депутаты Исхак Масалиев.

Булак: Майдан кж


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83