www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Сүрөт - Айнаш Токбаева: «Биз сын-пикирге даярбыз, эгер ал конструктивдүү болсо»

Перизат Кутманалиева 17-март 2018, 15:41

Саясат


Сүрөт - Айнаш Токбаева: «Биз сын-пикирге даярбыз, эгер ал конструктивдүү болсо»

Бүгүн, 2018-жылдын 16-мартында, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунда, мамлекеттик органдар үчүн жаңы форматта “ Сот тутумунда коррупцияны алдын алуу: актуалдуу чаралар жана демилгелер” деген аталыштагы тегерек стол болуп өттү.

Иш чарага Жогорку Кеңештин депутаттары, Президенттин, Жогорку Кеңештин жана Өкмөттүн Аппаратынын, Коопсуздук Кеңешинин, Башкы прокуратуранын, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Антикоррупциялык кызматынын, сот реформасы боюнча кеңештин мүчөлөрү, Бишкек шаарынын жана облустук соттордун төрагалары, Кыргыз Республикасынын Соттор кеңешинин, Сотторду тандоо кеңешинин жана Дисциплинардык комиссиянын төрагалары, ошондой эле жарандык коомдун өкүлдөрү чакырылган.

Өз сөзүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Төрайымы Айнаш Токбаева сот тутумунда, ошондой эле башка мамлекеттик органдарда коррупцияга каршы күрөшүү чараларын өткөрүүдө, жемкорлуктун кесепеттерине гана эмес, анын пайда болушунун себептерине дагы өзгөчө көңүл буруу керек экендигин белгиледи. Андыктан, коррупцияга каршы күрөшүү коомчулуктун катышуусунда комплекстүү жана ар тараптуу жүргүзүлүшү керек. Ошондо гана биз коррупцияга каршы күрөшүү боюнча реалдуу жыйынтыкка келебиз. Ошол үчүн биз бүгүнкү иш чарага кеңири чөйрөдө, мамлекеттик органдар үчүн жаңы форматта, сот системасындагы коррупциянын деңгээлин азайтуу үчүн, сиздер тараптан сунуштала турган чараларды бирге талкуулоого чогулдук. Сот тутуму бүгүнкү күндө актуалдуу болгон маселелерди талкуулоого жана бардык кызыктар тараптар менен диалог кылууга дайым ачык. Биз сын-пикирге даярбыз, эгер ал конструктивдүү жана сот системасына пайдалуу болсо- деди.

Мындан тышкары Айнаш Токбаева бул иш чара конкреттүү жана коррупцияга каршы механизмдерди иштеп чыгууга, ошондой эле сот системасында коррупцияны жоюуга көмөктөшө турган аянтча болоорун кошумчалады.

Тегерек столдун жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясы Кеңешбек  Токтомамбетов жумушчу топ тарабынан иштелип чыккан “2018-2020-жылдарга сот тутумундагы коррупцияга каршы күрөшүү боюнча иш чаралардын планы” долбоорун бет  ачарын жасады. Иш чаранын катышуучулары сунушталган Пландын долбоорун талкуулап, өздөрүнүн сунуш-пикирлерин киргизишти. Айта кетсек, Жогорку Кеңештин депутаттары: Укук тартиби жана кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча комитетинин төрагасы Мирлан Жээнчороев “Республика- Ата -Журт” фракциясы, Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттин төрагасынын орун басары Дастан Бекешев “КСДПК”, “Жарандык платформа” коомдук фондунун директору Айнура Усупбекова, “Коомдук анализ институту” коомдук бирикмесинин директору Рита Карасартова жана башкалар.

Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын Башкармалыгынын улук прокурору Тилек Саякбаев 2017-жылдын декабрь айында кабыл алынып, 2018-жылдын июнь айында күчүнө кире турган “Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын имплементациясы туурасында мазмундуу доклад менен чыкты. Өзүнүн презентациясында Тилек Саякбаев бул мыйзамдын максаты жана таасир бере турган чөйрөсү, жаңжалдардын түрлөрү жана аларды жөнгө салуу туурасында кеңири түшүндүрмө берди. Ошол эле учурда ал бардык мамлекеттик органдарды аталган мыйзамды ишке ашырууну камсыз кылууга чакырды.

Тегерек столдун соңунда, анын катышуучулары мындай форматтагы жолугушуу алгачкы жолу өткөрүлүп жаткандыгын айтышып, коррупцияны алдын алуу маселелеринде башка мамлекеттик органдар үчүн үлгү болоорун белгилешти. Катышуучулар кеңири чөйрөдө кызыктар тараптар менен бүгүнкү күндө актуалдуу болгон маселени талкуулоо үчүн аянтча уюштурган Жогорку соттун жетекчилигине ыраазычылык билдиришти.

Айта  кетсек,  Кыргыз Республикасынын “ Коррупцияга каршы күрөшүү жөнүндө” мыйзамы тарабынан жемкорлукка каршы күрөшүү боюнча бирдиктүү мамлекеттик саясатты жүргүзүү каралган. Ушундан улам тегерек столго мамлекеттик органдар менен жарандык коом чакырылган болчу. Иш чарага белгисиз себеп менен Кыргыз Республикасынын Коопсуздук Кеңешинин катчылыгынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Антикоррупциялык кызматынын өкүлдөрү келишкен жок.

Иш чара Кыргыз Республикасынын Жогорку Соту тарабынан Кыргыз Республикасынын сот системасын бекемдөө боюнча USAID-IDLO программасынын колдоосу астында уюштурулду.

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83