www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
"Уурусу күч болсо, ээси доого жыгылат...”

Айдар Нуралиев 31-март 2018, 14:56

Коом


"Уурусу күч болсо, ээси доого жыгылат...”

Сиздердин гезитиңиздерге жарыяланган “Соттор Т.Бармановдун бармагын жалаганды качан токтотот” деген З.Молдалиев деген шылуунга жообум. Биз бир айылдан, бир тууган куда болобуз. “Уурусу күч болсо ээси доого жыгылат” болуп, аталган макалада мени каралаптыр. Чынында ал койгон дооматтар суу кечпейт. Айтайын дегеним, облустук координациялык кеңеш З.Молдалиевди “ээлеген кызматына татыктуу эмес” деген чечим чыгарып, мени кызматтан четтетүүмдү талап кылыптыр. Аны Молдалиев көтөрүп алып, мага жашыруун келип, губернатор менен сүйлөшүп, кызматында алып калуумду суранды.

Ал тургай берер тыйынын да сунуштады. Мен ага анын айткандары уят экенин айтып, “андан көрө кызматтан өз арызыңыз менен кетиңиз”- дедим (10-сентябрь, 2014-ж.). Ал бир күнгө уруксат сурап, Темир Сариевге барып, жардам сураарын айтты. Мен макул болдум. Бирок, бул шылуун 9- сентябрдан 14-сентябрга чейин “больничный лист” ачтырып коюптур. Бишкекке кеткен боюнча жок болуп кетти. Мен 12- сентябрда аппараттык жыйын өткөрүп, “З.Молдалиевдин кайда экенин билген бирөө жарым барбы?”- деп сурадым. Үйүнө чабарман жиберип, орун басарымды телефон чалдырдым. Бирөөбүзгө да жооп бербеди. Айлам кеткенде бул кишинин коллективдеги аброюн билиш үчүн жашыруун добушка койдум. “Бир добуштан кызматтан кетсин”- деген жооп алдым.

Мен буйрукка кол койгондон кийин 15-сентябрда теелфон чалып, “Сиз мени жумуштан статья менен кетирген турбайсызбы”- деди. Мен ага өз арызы менен кызматтан кетишин, эмгек баракчасын бузбоосун сунуштадым. З.Молдалиев: ”Сиз адилеттүү аким катары таанылып калдыңыз. Эртең эле эл кудасына тартып буйругун өзгөрттү дейт. Тим эле коюңуз”- деди. Мен “өзүңүз билиңиз” деп, “жашыруун ачтырган больничный листиңиз жараксы”-з десем эле чалкасынан кетип, “мен сизди тигинтем, минтем, сот алдында жооп бересиз”- деген ар кандай оозго алгыс сөздөрдү айтты. Райондук сотто мен сунуш иретинде кызматкерлерден үчөө эле Молдалиевге кепилдик берсе, кайрадан кызматында калаарын айттым.

Анткени, андай сунушту берүүгө анын кызматкерлер арасында баркы жоктугу себеп болду. Бирок, Молдалиев аны менен эле токтоп калбай Бишкектен дагы жасалма “больничный лист” ачтырып алып, азыр ошонун алкагында соттошуп жатат. Саламаттыкты сактоо минитсрлиги берген тактама анын “больничный листинин” жараксыз экенин айгинеледи. Бирок, ага карабай соттошуп, биздин да, соттордун да тынчын алып, минтип колу жеткен жерге мени каралап жазып, жаманатты кылуунун аракетин көрүп жүрөт. Кыскасы, мындай шылундарды мамлекеттик кызматка эмес, анын эшигин шыпырганга дагы жолотпош керек. Калпты чындай айткан Молдалиевдин жоругу жолдо калсын.

Ал айткандай мен сотторго акча берип соттун чечимин өзүмө ыңгайлаштырып алсам мени ыйык Куран урсун. Кыскасы, Молдалиев кыбыр эткен нерсенин баарына шек санап, үстүнөн арыз жазганга маш. Башкача айтканда, Токтогулдун 150 жылдыгынын урматына карата өткөн мааракесине да асылып, арыз жазды. “Барманов тойду чаң чыккан жерге өткөрдү”- деп. Кскасы, мага асылып, өзүнүн күнөөсүн мага чаптап, мени жаманатты кылгысы келген Молдалиев акылга сыйбаган мына ушундай иштер менен алек болду. Туура эмес иштерге жол берди. Ага мен эмес, элдин баары күбө. 

Булак: “Майдан.kg”


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83