www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Раим Матраимов Икрам Илмияновду кантип коркуткан?

Гүлжан Шерипбаева 31-март 2018, 15:50

Саясат


Раим Матраимов Икрам Илмияновду кантип коркуткан?

Бажы кызматынын орун басары Раим Матраимов кызматынан алынгандан кийин, аны Атамбаев камакка алуу аракетин көргөн. Ошондо Матраимов Икрам Илмияновго "эгер мени камасаңар сырдын бетин ачам",-деп коркуткан экен. Ошондон кийин Раим Матраимовду камабай калышыптыр. Бирок, ал кандай сыр экени азырынча табышмак.

Атамбаевдин "Алласын" оозун келтирген кандай сыр болушу мүмкүн? Балким, Кытайдан контрабанда жолу менен бир нече жолу кирип, аягында Дача Су айылына кулап түшкөн кандуу жүк тууралуу сыр болуп жүрбөсүн?.. Өмүрбек Текебаев дагы өткөн жылы кандуу жүктүн сырын ачканы калганда шашылыш камакка алынган. Атамбаевдин коркконуна караганда Раим Матраимов анын көп сырын билген өңдөнөт. Ал корккон кишисин саясаттан сүрүп, камап же алыстатууга уста.

Ошондон улам, бүгүн КСДПнын сьездине Искендер Матраимовду чакырбай, маалымат жыйында Раим Матраимовду бир канча жолу оозанып, ичиндеги кегин төгүп, өч алып жатты окшойт.

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83