www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Нурханбек Момуналиев апрель ыңкылабынан кийинки

Айдар Нуралиев 31-март 2018, 16:12

Саясат


 Нурханбек Момуналиев апрель ыңкылабынан кийинки

47 жаштагы Нурханбек Момуналиев Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда туулган. 1999-жылы Чүй университетин, 2006-жылы президентке караштуу Башкаруу академиясын, 2015-жылы Дипломатиялык академияны аяктаган. Ал өкмөттүн аппаратына 2005-жылы келген жана 2010-жылга чейин инспектор, бөлүм башчы, аппарат жетекчисинин орун басары болуп иштеген. Апрель ыңкылабынан кийин Убактылуу өкмөттүн, президенттин, премьер-министрдин аппараттарынын жетекчисинин орун басары болуп эки жыл иштеген.

Мамлекеттик кадр кызматын 2012-жылы кыска убакыт башкарган. 2012-2016-жылы кайра өкмөттүн аппаратын жетектеген. 2016-жылы да Мамлекеттик кадр кызматына жетекчи болуп дайындалган, бирок бир жылдан кийин эле өкмөттүн аппарат башчысынын кызматына кайра келген. Нурханбек Момуналиев апрель ыңкылабынан кийинки өкмөт башчылардын дээрлик баары менен иштешкен. Арасында экс-премьер-министр Амангелди Муралиев да бар. Ал өкмөттүн аппарат башчысы таасирлүү саясий кызмат экенине токтолду: “Менимче, бул киши КСДПнын өкүлү болушу керек. Мен аны менен 2010-жылы техникалык өкмөттө алты ай чогуу иштегем.

Өкмөттүн аппарат жетекчиси премьер-министрдин "оң колу" болбосо да "сол колу" деп эсептелет. Материалдардын, документтердин баары ошонун көзөмөлүндө болот. Аппараттын жетекчиси аппарат менен документтерди, материалдарды экспертизадан өткөрүп, баарын даярдап, кол коюп, анан премьер-министрге барат. Бул абдан жооптуу кызмат. Аппарат жетекчисинин ролу чоң. Мыйзам боюнча ал министр деген рангга ээ, өкмөттүн мүчөсү. Эми жанагы иште анын таасири барбы же жокпу, аны УКМК далилдеши керек”. Нурханбек Момуналиевдин жакын тууганы түзгөнү кеп болгон "АйМар Энержи" компаниясынын аты былтыр жазында ГЭСтерди оңдоо боюнча тендерден чыккан чырда аталган.

Токтогул, Шамалды-Сай, Үч-Коргон жана Ат-Башы ГЭСтерин оңдоо боюнча баасы 43,5 миллион сомдук тендерге жети компания катышып, аны орусиялык "Гидроремонт ВВК" компаниясы утуп алган жана ал "АйМар Энержи" компаниясын жалдаган. Энергетика маселелери боюнча эксперт Расул Үмбөталиев "бул ишке "АйМар Энержинин" квалификациясы туура келбейт, тендер боюнча мыйзам бузулду" деп президент баштаган өлкө жетекчилерине чейин кайрылуу жиберген: “Тендерге кыргызстандык компаниялар катышып утуп алган. Тендердик комиссиянын чечими бар. Алар үч жолу чечим чыгарган.

Анда орусиялык "Гидроремонт ВВК" компаниясы катышып, ал "АйМар Энержини" жалдаган. Тендердик комиссия "Аймар Энержи" эч кандай квалификациялык талапка жооп бербейт" деп булардын арызын караган эмес. Булар Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик сатып алуу боюнча арыздарды караган мекеме аралык комиссияга кайрылган. Алар "бул арызды карап көргүлө" деп чечим чыгарган. Министрликтин департаменти алып-сатуу жараянын он күнгө токтотуп койгон. Бирок "Электр станциялары" ишканасынын ошол кездеги жетекчисинин орун басары Бердибек Боркоев өзүнүн чечими менен "Гидроремонт ВВК" менен "АйМар Энержини" жеңүүчү деп тапкан”. "АйМар Энержи" компаниясынын жетекчилиги ошол учурда мындай дооматтардын баарын төгүнгө чыгарган болчу.

 "Электр станциялары" ишканасынын жетекчисинин мурдагы биринчи орун басары Бердибек Боркоев ушул айдын башында камакка алынган. Ага Бишкек Жылуулук электр борборун оңдоодо ири суммадагы акчаны кымырып алуу фактысы боюнча айып тагылган жана "оңдоп-түзөө иштерине жасалма келишимдерди түзүп, компанияларга акча которгон" деп маалымдалган. УКМК ЖЭБге 2017-2018-жылкы күз-кыш мезгилине даярдык үчүн бөлүнгөн акчанын кымырылып кеткенине байланыштуу бир нече берене менен кылмыш ишин козгоп, тергеп жатат.

Булак: “Майдан.kg”


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83