Гүлжан Шерипбаева 02-март 2017, 00:38
Элмира Сатыбалды кызы жогорку билимдүү, Эл агартуунун отличниги, 28 жыл билим берүү тармагында эмгектенген. Өзүнүн тубаса касиетин илим аркылуу изилдеп чыгып, көзгө көрүнбөгөн улуу күчтөр менен күрөшүп, жашоодогу ак жана кара күчтөрдүн бар экендигине ынанып келет.
Тубаса касиети бар Эльмира айымга бир эмес бир нече саясатчыларды кандай абал күтүп турат? – деген сурообузга жооп алып, алгач президентибиз Алмаз Атамбаевден баштаганда өлкөдө кырдаалдын оор экендигин айткан эле. Мындан аркы кеп кезегин Темир Сариевге узаттык.
-Президент болсом “темирдей тартипти орнотом” деген Темир Сариевди алдыда эмне күтүп турат?
-Темир Сариев, элге караганда өзүн-өзү өзгөчө сүйөт. Акчаны абдан жакшы көргөн адам. Кичине жылдызы бар, кандайдыр бир убакта күйүп жанып калат. Азыр ал жылдызы өчүп турат. Акчаны көп жакшы көрбөшү керек, жолу жабылып калат. Адамзаты Алахтын сыноосунда гана жүргөнүн унутпашы керек. Сариевдин жүрөгүндө жарык менен мээрим жок. Көбүнчө өзүн элге ишмер катары көрсөткүсү келет. Бирок, чыныгы дипломат, кагаз иштерине так, бирок сөз байлыгы жок. Бирөөнү аяп, кол сунуп жардам бергенди, соопчулук дегенди билбейт. Мага түшкөн аян боюнча, айтсам, ата-бабалары айбайла балам деп турат. Кудай менен башы да оорубайт. Өзүм деген деген инсан. Бирок, президент болбойт, аны көрсөткөн жок, жолу бош турат.
Булак: NazarNews.kg
Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!
Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!
NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.
Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!
Telegram Channel: @nazarnewskg
NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!