www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ВИДЕО - “Мегаком” чыры менен Текебаевден кийин Асылбек Жээнбеков камалабы?

Гүлжан Шерипбаева 28-февраль 2017, 01:27

Саясат


ВИДЕО - “Мегаком” чыры менен Текебаевден кийин Асылбек Жээнбеков камалабы?

Бүгүнкү күндүн темасы болгон, ЖК депутаты Өмүрбек Текебаевди колдон-буттан алып УКМКнын абагына тыккан “Мегаком” чырын, экс-депутат Садыр Жапаров тамагы айрылганча кыйкырып, ЖК жыйынында эки мүнөттүк сөз ала албай кыйналганын атайын архивдик тасмалардан эске салсак болот. 

Баамдап карасак Садыр Жапаров беш жыл мурда  парламентте чырылдаган “Мегакомдун” бүтпөгөн жомогу бүгүн, Ө.Текебаевди УКМКнын сүргүнүнө сүйрөдү. Ошол кездеги спикер Асылбек Жээнбеков инвесторду калкалаган экен. Анда, кой оозунан чөп албаган Асылбек Жээнбеков дагы камалабы? – деген суроо жаралат.

“Мегакомдун” 49 пайызы 2010-жылы апрель окуясынан кийин мамлекетке улутташтырылган жана калган 51 пайызы Елисеевдин карамагында болгон. Ошондо жаңы эле камактын торуна түшкөн дасыккан юрист Өмүрбек Текебаев тигилерге жан тарткандарды да тартып кетпегей эле...

Булак: NazarNews.kg

Кеңири маалыматты төмөнкү тасмадан көрө аласыздар;


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83