www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Атамбаев командасына тирек болчуларды эмес, шыпаналарды чогулткан

Гүлжан Шерипбаева 20-апрель 2018, 14:43

Саясат


Атамбаев командасына тирек болчуларды эмес, шыпаналарды чогулткан

Мурунку президент резиденцияда фракциядагы депутаттарын чакырып жыйын курганда 19 депутаты барган. Арасында көңүл үчүн барып койгондору көп болгонун кечээги өкмөткө ишенбөөчүлүк көрсөтүүдө ачык көрүндү. Ошол жыйынга барган депутаттардын арасынан 3 депутат Д. Аттокуров, Д. Бекешев, М. Мадеминов дагы Исаковду колдоп, ишенбөөчүлүккө каршы добуш беришти. Калгандары добуш берүүгө катышпай качышса, ишенген лөктөр “Мындай саясатка каршымын” деп Исаковдун саясатына тойгонун билдиришти.

АША командасына арка-бел болуп берчү адамдарды эмес, ким жакта жарык болуп турса, жарыкты айланып учкан шайтан көпөлөктөрдү чогултуп алганына бармагын тиштеп олтурса керек. Бул бүгүнкүнүн ачуу чындыгы болуп жатпайбы. Резиденциядагы жолугушууга барып, алдыңкы катарда олтурган Азамат Арапбаев Атамбаевге кантип бел болуп бере алат?

Кечээ эле “Ак жолдун” күкүгү болуп жүргөнү калппы? Жаныш Бакиевдин алдында бүжүрөйгөнү, Максимге каршы бир ооз сөз айтканга жарабаганын өзү жокко чыгара алабы? Ал үчүн өзүнүн бизнеси гүлдөсө болду. Тирек болот деп ишенген Артыкбаев күч келгенде тескери кетээрин далилдебедиби. Эртең АШАны сатып кетеринен эч ким күмөн деле санабайт да… Ушуга окшогон пулдун кулу болгондорду команда катары эш туткан АШАнын эң чоң жаңылыштыгы.

Булак: Жаңы ОРДО


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83