www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жолдун жээгинде унаага төлөнгөн 40 сом кимдин алкымына сойлоп кирет?

Гүлжан Шерипбаева 21-апрель 2018, 11:04

Коом


Жолдун жээгинде унаага төлөнгөн 40 сом кимдин алкымына сойлоп кирет?

Бишкек шаарында жолдун жээктерине машина токтотуучу жерлерди ээлеп алышып, 40 сомдон акы алган азаматтар пайда болушкан. Эмнеге төлөйм, же силер бул стоянканы атайы курбасаңар, же бир ийилип иш кылып койбосоңор? - десем, Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Десятников деген биздин "хозяин" ошого бар дешти.  Мындай пикирин тележурналист Шайырбек Абдрахман жазып чыкты. 
Кагаздагы көрсөтүлгөн "Паркинг. Кейджи" деген ОсООну издесем, учредители Попов Сергей Викторович деп турат. Жаңылып эле калбасам, Сергей Викторович КР. ЖКнын 4-чакырылышынын "Алга Кыргызстан" партиясынан депутат болгон экен. Эми жанагыл эле суроо:

-Силер эмне кылгандыгыңар үчүн жолдордун жээгине автоунаа тототулуучу жайларга 40 сомдон төлөшүбүз керек? Ал акчалар кайда кетет? - деп кошумчалады журналист.

Учурда борборубуз Бишкекте ири соода түйүндөрүнүн жанында өз алдынча кызматтык орун таап алышкан. Аларга түшкөн акча кайда кетет, аткаминерлердин бири "ооз" ача элек. Бул көрүнүшкө Бишкек мэриясы толугу менен жооптуу же көгөргөн мөөрү болсо эсепке киреби?

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83