www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Талант Орозалиев: “Кытайдан алган карызды аткаминерлер өздөрү төлөсүн, эмнеге эл төлөйт?”

Гүлжан Шерипбаева 21-апрель 2018, 14:45

Саясат


Талант Орозалиев: “Кытайдан алган карызды аткаминерлер өздөрү төлөсүн, эмнеге эл төлөйт?”

Мен Акылбек Жапаровдун Кыргызстандын Кытайга болгон карызы боюнча ЖКда кайрылуусу боюнча өз пикиримди айткым келди. Акылбек Жапаровдун негизги көтөргөн темасы албетте өтө актуалдуу тема, мен деле колдойм. Кытай биз үчүн өтө кооптуу кошуна мамлекет биз үчүн.

Мисалы,Тажикстанды Кытай карызы аркылуу эле жерин алып койгонун баарыбыз эле көрүп жатабыз. Акылбек Жапаров айтмакчы “Кытайдан кантип кутулабыз” деген жүрөк оору Кыргызстандын ар бир эле патриот атуулун ойлонтсо керек. Бирок, кантип? - деген чоң көйгөйлүү чоң суроо туулат. Акылбек Жапаров проблеманы айтып келе жатып эле кайра эле карапайым элдин өзүнүн мойнуна эле карызды жүктөп койгондой болду.

Мисалы, Акылбек Жапаров Кытайдан карыздан кутулуу үчүн, социалдык төлөмдөрдү азайтып, жалпы карапайым эл төлөөчү салыктарды көтөрүү жөнүндө айтты. Эми биз өзүбүзчө анализдеп келгенде кааласак-каалабасак да салыктардын көтөрүлүүсү менен мажбур түрдө төлөй баштайбызбы анда? Кээ бир мекендештерибиз налог десе килтейген ишкана же бизнесмендердин налогу менен төлөнөт деп ойлошу мүмкүн, жок андай эмес, ансыз да азыр жашап жаткан үйүңө ,тарактатып минген эски машинаңа, жер үлүшүңө, ичип аткан сууңа, анча-мынча алып аткан айлыгыңа, “мусорго” деги койчу дагы мен билбеген канчалаган салыктарды карапайым эл төлөп эле келе жатабыз.

Мисалы, мен өзүмдү эле айтсам Союздун акыркы жылында эки жыл эле мамлекеттик ишканадан айлык албаган болсом, андан бери мамлекетке гана төлөп эле келе жатам, ар түрдүү налогдор аркылуу. Жада калса беш балам болсо ошолорго ушул убакка чейин мамлекеттен бир тыйын пасобия алган эмесмин, себеби сен патент алат экенсиң деген шылтоону айтышкан, кызык жери мамлекетке патент аркылуу канчалаган миңдеген сомдорду төлөп, анан балдарыңа пасобия бербегени да кызык.

Мейли эми мен мамлекеттен балдарыма пасобия албаганыма деле капа эмесмин. Мага окшоп Кыргызстандын 70 пайыздан ашык атуулдары жашап жатканы да ачуу чындык. Бирок, Кытайдын карызын төлөөгө келгенде да мага окшогон карапайым элдин мойнуна шорпо төгүлөөрү белгилүү болот окшойт Акылбек Жапаровдун айтымында. Тактап айтсам эгер А.Жапаровдун айтканындай налогдорду эбегейсиз көтөрүп салса анда элдир селдир өтүп аткан тирилигибиз мындан да кыйындап, карапайым элдин жонун кайыш тилишпейби? Азыр анысыз да асман чапчыган налогдорду көтөрсө,эптеп элдин көпчүлүгү орто бизнес менен алектенген карапайым калк кризиске капталып, ансыз да жумушсуздуктан сырткы мигратциябыз өсүп жаткан учурда калган Кыргызстандагы карапайым калк дагы анда мигрант болуп, бөтөн жерлерге кул болуп кетебизби? Бул деген сөз жебеген самсага пул төлө дегени эмеспи? Ансыз деле көпчүлүк кырсык болгон жерлерге, жада калса операция болууга мүмкүнчүлүгү жетпеген элдерге карапайым калк акция, марафондорду уюштуруп көптөгөн акчаларды топтоп жүрүшөт. Башканы эмес бир эле мисал келтирсем, Дача СУУда учак кулап 40 адамдын өмүрү кеткенде карапайым калк миллиондогон сомдорду топтогону баарыбыздын эсибизде. Эң жаман жери ошол Дача СУУдагы учак кырсыгындагы элден чогулган акчаны да бийликтеги сөрөйлөрүбүз жабыр тарткандарга толук бербей койгону баарыбызды кыжаалат кылбадыбы эле. Кызык жери ошол элдин чөнтөгүнөн акча жеп жашагандар андай жерлерде чөнтөгүнөн бир тыйын да жардам бербегендерин өз көзүбүз менен эле көрүп келе жатабыз. Анан ойлонот экенсиң да биздин чиновниктер качан тойот деп. Бир туруп Дача СУУдагы учак кырсыгында ушунча өлгөн адамдын убалынан коркпой, элден чогулган акчаны жеп кетип жатса биздин чиновниктерден үмүтүң деле үзүлүп калат экен. Эми мейли болоору болду дейли бирок, Кытайдан алган миллиарддаган карызды да элдин эсебинен налог аркылуу төлөткүсү келген А.Жапаровдун логикасын түшүнө албай олтурам. Бул жебеген самсага пул төлө дегениби карапайым элди? Ошол Кытайдан алынган миллиардаган акчалар элдин пайдасына жараса да мейли эле,түндүк-түштүк альтернатива жолуна деген шылтоолор менен жана башка ушуга окшогон шылтоолор менен эле беш-алты чиновниктин чөнтөктөрүнө түшүп кеткенин биздин элдер аңдап түшүнүп билип эле турушат.

Андан көрө жаңы келген бийлик, өкмөт мурунку чиновниктер Кыргызстанды аябай эле талкалаптыр, ошолорду кустуралы, жеп бекиткен офшордогу акчаларын Кыргызстанга кантип кайтарабыз деп, Кумтөргө окшогон афералык ишканаларды кантип Кыргызстан үчүн иштетебиз деп баш оорутса болмок. Ушундай нерселерди көрүп туруп, Дооронбек Садырбаев аганын “мурдуңа бок сүйкөлөгөн кайран гана кыргыз элим” дегени айласыздан оюңа келет экен. Ушул жерден дагы бир мисал, саясый туткун болуп түрмөдө олтурган Садыр Жапаровдун алтындын үстүндө олтуруп, кембагал жашаган кайран кыргыз элим, ушундай алтындын үстүндө жашаган кыргыз элимдин ит аягы алтындан болушу керек эле деген сөзү да айласыздан ойго келет. Бизде өзү кызыкча жашоо болуп калды. Кыргызстанда чындыкты айткандар түрмөдө, жалган айтып шылуундар бийликте болуп калды. Чындыкты айтып жазгандар да сотко чакырылып сурак бергендерди да көрүп жатабыз. Эми тема Кытай карызы болуп жаткан үчүн жалпы калайык калк бул менин темам эмес дегендер өтө жаңылышат.

Себеби, Кытай бизге окшогон экономикасы алсыз Кыргызстанга, Таджикстанга окшогон мамлекеттердин аймагын басып алуу саясаттын Таджикстандын жерин алып койгонунан эле даана байкап жатабыз. Ошон үчүн Кытай карызы баардык Кыргызстандыктардын проблемасы. Демек, чиновниктерден баарыбыз талап кылышыбыз керек го деп ойлойм. Кытайдын карызын карапайым калк эмес, мамлекетти жеген мурунку чиновниктерден талап кылышыбыз керек деп ойлойм. Азыркы бийлик да элден эмес, мурунку жеген чиновниктерден талап кылуусу керек. Кыскасы, Кытайга жерибизди алдыргандан Кудай өзү сактасын бизди. Бийлик эсиңе келип, Кытайдын карызын элден эмес, мамлекетти жегендерден төлөткүлө деп айтмакчымын.

Сиздерди терең урматтоом менен Талант Орозалиев

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83