www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кенжебек Бокоев, ЖК депутаты: "Өзүбүздүн дыйкандар сууну сатып алып, кошуна мамлекеттерге бекер бергенибиз адилетсиздик"

Гүлжан Шерипбаева 23-апрель 2018, 12:29

Саясат


Кенжебек Бокоев, ЖК депутаты:  "Өзүбүздүн дыйкандар сууну сатып алып, кошуна мамлекеттерге бекер бергенибиз адилетсиздик"

Депутат Кенжебек Бокоев, "өзүбүздүн дыйкандар сууну сатып алып, кошуна мамлекеттерге бекер бергенибиз адилетсиздик" деп айтты. Депутат Кенжебек Бокоев жаңы шайланган Өкмөткө жакшы сунуштарды берди.

Алгачкы сунушу бул суу ресурсун туура пайдаланып, экономикалык жактан пайда келтирүүчү товар катары колдонуу.

Депутаттын айтымында, "Кыргызстан - Орто Азия боюнча суунун запасы эң көп өлкө болуп эсептелет. Өкмөт жакынкы күндөрү кошуна мамлекеттер үчүн сууну сатабыз деп жарыя кылса туура болмок, себеби өзүбүздүн дыйкандар сууну сатып алат, ал эми кошуна мамлекеттер үчүн бекер агып жатат. Бул абдан адилетсиз мамиле биздин дыйкандарга. Суу товар катары эсептелиши керек! Мындан тышкары эл өкүлү, жергиликтүү бюджет мамлекеттик бюджеттин 11% түзөт, эки эсе көтөрүп, жок дегенде 20% жеткириш керек деген оюн айтты.

Кенжебек Бокоев ушул тапта 82% айыл өкмөттөр дотацияда экенин эскертти. Депутаттын дагы бир көтөргөн маселеси бул, 2018 жылдан баштап билим берүүгө кеткен чыгымдар толук республикалык бюджеттен каржылоо. Маселеге ылайык баардык билим берүүчү мекемелердин ремонтуна, электр энергия, тамак аш, кышкы жылуулукка кеткен чыгымдар республикалык бюджеттен төлөнүшү абзел.

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83