www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Нариман Түлеев, элдин көзүнчө Сталбек Молдалиевдин оозу-мурдун канжалата койгон...

Гүлжан Шерипбаева 23-апрель 2018, 17:38

Саясат


Нариман Түлеев, элдин көзүнчө Сталбек Молдалиевдин оозу-мурдун канжалата койгон...

Жакшылык менен жамандыкты ылгабай калган, Алмазбек Атамбаевдин командасы бирөөнүн ызасы, ата-энени жоготуудагы эң оор ызаны сезбей же туйбай калышкан окшойт.

Алсак, экс-мэр Нариман Түлеев, 4-апрелде маркум апасына куран окутуу зыйнатына катардагы досторун ызасын тең бөлүшкөн аттуу-баштууларга чейин чакырган. Чакырылбай келгендердин катарын Алмазбек Атамбаевдин өкүл уулу Сталбек Молдалиев толуктаган.

Алгач Түлеевчилер, “биздин кайгыны тең бөлүшкөнү келген го, эми жамандык болгон жерде мейличи” деп, көңүлгө алышкан эмес. Тилекке каршы чакыртылбаган Сталбек мырза, жаназа окутулган жерде каткырыкты калың салган. Аны байкагандар, “Нариман Түлеевди сыйлабаса дагы, маркум энесин сыйласа болмок”, деп нараазы болушкан.

Баарынан кызыгы, Сталбек Молдалиев Нариман Түлеевдин апасына топурак салганы келген адамдарды, коомдук ишмерлерди “сен кимсиң?”, “кайдан келдиң, мен Атамбаевге чалып, териштирем”, деп тергеген. Анысы аз келгенсип, жаназа окулган жерде, сөөктү табалагандай каткырып, дасторкондо олтурган конокторго “мен мындай устукан жебеймин, мени билбейсиңерби, мен Атамбаевдин өкүл баласымын, мага эмне сый-урмат көрсөтпөйсүңөр?” деген таризде жанындагылардын үрөйүн учурган.

Жогору жактан байкап турган Нариман Түлеев, Сталбек мырзанын жанына басып келип: “силер атамды өлтүрдүңөр, апамдын түбүнө жеттиңер, эми дагы тойбой эт талашып олтурасыңбы?”, деп Нариман Түлеев, Сталбек мырзаны элдин көзүнчө оозу-мурдун канжалата койгон. Ошентип устукан талашкан жигит эшикте “этсиз” калып, Нариман Түлеевдин муштумунан сокку жеп артына кайткан.

Баарын байкап турган коомчулук Нариман Түлеевди сыйлаганы-сыйлабаганы дагы Сталбек Молдалиевдин бул кылык-жоругун накта наадандык деп айтышкан.

Буга чейинки маалыматтарга таянсак, Сталбек Молдалиев мурдагы милициянын кызматкери, экс-президент Алмазбек Атамбаевдин өкүл баласы.

Маржан Назарбаева, NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83