www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Темирдин тордун артына кеткен Салайдин Авазов кылмышкер эмес...

Гүлжан Шерипбаева 23-апрель 2018, 21:22

Саясат


Темирдин тордун артына кеткен Салайдин Авазов кылмышкер  эмес...

Темирдин тордун артына кеткен Салайдин Авазов кылмышкер  эмес...Соттун өкүмү жок эле аны каралай берүү токтотулушу керек. Алсак, Жалал-Абад шаарынын мэри болуп иштеп туруп, Бишкектеги Жылуулук электр станциясында кышкысын жүз берген окуяга байланыштуу коопсуздук органдары тарабынан камакка алынган Салайдин Авазов тууралуу айрым жарандар тарабынан ар кандай ойго келбеген кептер таркатылууда. Анын жегич, коррупционер, жаман адам экени айтылып, ага бир дагы далил же аргумент келтирилбей атат. Коомубузда жек корүүчүлүк, көрө албастык, ичи тарлык, караөзгөйлүк, жалаакордук катуу өнүгүп кетти. Ал эми калыстык менен адилеттик көрүнбөйт. 
Чынында С. Авазов деген ким? Ал өмүр бою энергетика тармагында иштеп, бул тармактын өнүгүшүнө эмгек сиңирген, албан салым кошкон инсан. Аны өкмөт дайыма артта калган, иши кыйын участокторго жөнөтүп турган, ал дайыма иштин ийгилигин камсыз кылып, кризистен чыгарып келген. Ошол эле кезде алдым-жуттум, жегич сапаттарын көрсөткөн эмес. Дайыма жетекчиликтин сапаттары менен айырмаланып келди. 
Анын Жалал-Абад шаарындагы жасаган иштери өзгөчө оозго аларлык. Шаар башчылыгына келиши менен калаа турмушуна жандуу кыймыл кошо кирди. Буга дейре топтоло берген көйгөйлөрдү чечүү бардык багыттар боюнча күн тартибине коюлду. Иштиктүү башталган иштер, ийгиликтер тез эле назарга илинди. Өзгөчө унаа токтоочу жайлардагы чаржайыт башаламандыкты тартипке келтирип, жөө жүргүнчүлөрдү да, айдоочулардын өздөрүн да машакатка салган жол коопсуздук меселеси чечилди. Ал үчүн шаардын башкы Ленин көчөсү кеңейтилди, жол коопсуздугу үчүн бир эмес эки асма көпүрө курулду. Азыркы кеңейтилген Ленин көчөсү, асма көпүрөлөр шаарды көркүнө чыгарып койду. 
Ошол Ленин көчөсүн кеңейтүү иштерин тезирээк бүткөрүү үчүн жумушчулар эки сменада иш алып барууга өз ыктыяры менен киришишккен. Бул эски союздун ыдырашынан кийинки эчак унутулган көрүнүш, азыр минтип эки сменада ишти уюштуруу кыйын нерсе. 
Экинчиден, Ленин көчөсүндө иш баштоо оңойго турбады, айрым ызы-чуу менен оокат кылганга көнүп калган тараптар чуу чыгарышып, шаар башчысына ар тараптан ар кандай кысым жасалды. Аны ээрден оодара салгысы келгендер пайда болду. Бирок, С. Авазов кызматынан айрылып калуудан коркпогон, намыстуу жетекчи экенин далилдеп, бардык жоопкерчиликти өзүнө алды да, ишти уланта берди. Акырында анын аракеттери жеңип чыгып, жалпынын кызыкылыгын жогору коюп иштөө кандай экенин далилдеп койду. Эгер башка жетекчи болгондо ызы-чуудан алыс болуп, кызматынан кетип калышынан сактанып, мындай олуттуу ишке барбашы мүмкүн эле. 
Азыркы кезде Жалал-Абад шаарынын “Курманбек” стадионунда эл аралык мелдештер такай өткөрүлүп келет. Себеби стадиондун шарты жакшырган, өзү реконструкцияланып, заманбап спорт объектиси болуп калган. Чуркоочу жолу азыркы талапка жооп берген Кыргызстандагы экинчи стадион ушул. Кооздугу да, ыңгайлуулугу да заманбап. Аны реконструкциялоону да С. Авазов колго алды. Ага шаардык кеңештин мурдагы чакырылышындагы айрым фракциялар караманча каршы чыгышкан, бирок ал шаар жетекчиси катары баары көндүрүп, стадионду сонун абалга алып келип койду. 
Шаардын көчөлөрүнүн акылбалы начар эле, азыркы кезде бир катар негизги көчөлөр, кичи райондордогу башкы көчөлөр тептегиз жана кепкенен болуп, шаарга көрк, ыңгайлуулук берип турушат. Көчө бойлору, газондор гүлдөргө толуп, шаар жаркырап чыга келди. Эс алуу бактары жаңырып, жаңы аттракциондор менен толукталып, шаардыктардын эс алуусуна жакшы шарттар түзүлдү. 
Инфраструктуралык курулуштар күч алды. Илгери шаардагы курулуштарга шаар бюджетинен 20-25 миллион сом араң бөлүнүп келсе, азыр анын колөмү 175 миллионго жеткен. Шаарды өзгөртүү, жаңыртуу, шаардыктарга шарт түзүү иштери күчөгөн темп менен жүрүп жатат. Азыр шаар үчүн өтө маанилүү Пушкин, Чехов көчөлөрү кеңейтилүүдө, Ленин жана Нагима Айтматова көчөлөрүнүн кесилишине жер астынан өткөөл куруу иши каралып атат. Анан да шаардан “Жалал-Абад” санаторийине карай асма көпүрө (канатная дорога), 17 жерге коомдук ажатканаларды, жол боюна унаа токтоочу жайларды куруу пландалууда. Атайын долбоорлор иштелип чыккан. Шаарга жаңы автобустарды алып келүү, унаа башаламандыгын тартипке келтирүү пландары иштелип чыгып, ишке ашырылмакчы. Шаарга балдар бакчалары, мектептер курулууда жана курулумакчы. 
С. Авазов келгенге чейин мындай иштер болгон эмес. Мисалы, 2015-жылы шаардагы 67 объектте курулуш иштери жүрсө, 2016-жылы 68 жерде ушундай иштер жүрдү. Шаар тазалагы, иреттүүлүгү жакшырды, мугалмдерге колдоо көрсөтүү күчөдү, билим берүү сапаты артып, медициналык тейлөө жагынан алгы жылуулар орун алды. Шаардагы экономикалык көрсөткүчтөр жакшырып, салык түшүүлөрү көбөйдү, бюджеттин көлөмү жогорулады. Суу менен камсыз кылуу тармагы толугу менен реконструкцияланып, эми мудагыдай суу көйгөйү болбой калды. Эми саркынды суу тармагын жаңылоо колго алынууда. 
Шаарга болгон инвестициянын көлөмү жыл сайын артып барат. Шаарда көп кабаттуу үйлөр курулуп, жаңы ишканалар ачылып, жумуш орундары түзүлүүдө. Жаңы, кооз имараттар курулуп, шаар кулпунуп барат. Мэрдин аракети менен мурда жеке менчикке берилип кеткен балдар бакчалары, өндүрүштүк жана социалдык объектилер кайтарылууда. Азыр шаарга көп киреше алып келүүчү “Строй-маркет” базары муниципалдык менчикте иштеп жатат. Ал жерде кошумча жумуш орундары түзүлмөкчү. 
С. Авазов шаарга келгенде мекеме-ишканаларды таза иштөө колго алынды, элдик каражаттарга кол салуу токтоду, шаар бюджетинин каражаттарын сыртка колдонуу, айрым текшерүүчү органдарга кармата салуу да токтоп, шаардын ар бир тыйыны шаарга иштеп калды. Ошонун натыйжасында шаар бюджетинен курулуш иштерин көп каражат бөлүнүүдө. Шаарда тынымсыз иштер жүрүп келди, азыр да жүрүүдө. Ушунун баары С. Авазовдун жетекчи катары жакшы ишин көрсөтүп турат. 
Биздин С. Авазовду дагы бир баалап калган жерибиз – ал келечек пландарын, максаттарын шаардыктар менен кеңешип, алардын сыноосуна коюп, коомдук угууларда алар менен баарлашып, алардын жактыруусун алып, анан гана иш алып барышы болду. Мурда биз ушундай жетекчини, ушундай эл менен кеңешип иштеген мисалды байкабаптырбыз. Иш бүткөндөн кийин элге отчёт берип, элдын алыдына чыгышы да жакшы нерсе. Демек, анын элдин алдында жүзү жарык, абийири таза, ошону үчүн элдин алдына чыга алат. 
Ал эми Бишкектеги Жылуулук электр станциясындагы авария, андагы айрым терс жагдайлар, албетте, тыкан каралып, текшерилип чыга турган нерсе. Козголгон кылмыш ишинин алкагында С. Авазов да “Электр станциялары” акционердик коомунун мурдагы жетекчиси катары камакка алынды, тергөө жүрүп жатат. Бирок, азыр эч ким аны күнөөлүү, кылмышкер деп айта албайт, ал шектелүүчү гана. Себеби анын күнөөсү сотто далилдениши шарт. Ошого карабастан аны айыпкер, кылмышкер, элдин мүлкүн жеген киши катары көрсөтүү аракеттери жүрүп жатканы өтө өкүнүчтүү. 
Аны каралагандар үчкө бөлүнүшү мүмкүн: а) аны жаман көргөн атаандаштары; б) ага таарынып калгандар; в) билип-билбей эле сүрөөнгө кошулуп жаткандар. 
Биз атуулдардан күнөөсү али далилдене элек кишини бир жактуу каралоону токтотууну суранат элек. Ар кимдин башында жакшылык менен жамандык болот, ошол кезде баары калыстыкка, адилеттикке муктаж болушат. Муну унутпайлы.

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83