www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жогорку Кеңештин тармактык комитеттеринин төрагалыгына “Өнүгүү” жана “Ата Мекен” фракцияларынан талапкерлер сунушталды

Гүлжан Шерипбаева 24-апрель 2018, 14:05

Саясат


Жогорку Кеңештин тармактык комитеттеринин төрагалыгына “Өнүгүү” жана “Ата Мекен” фракцияларынан талапкерлер сунушталды

Бүгүн, 24-апрелде Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитеттин кезектеги жыйыны болду. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы билдирди.

Жыйында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин төрагаларынын кызмат орундарына талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө “Өнүгүү-Прогресс” жана “Ата Мекен” парламенттик фракцияларынын чечимдери каралган.

Өнүгүү-Прогресс” парламенттик фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев менен “Ата Мекен” парламенттик фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов өз фракцияларынын Жогорку Кеңештин тармактык комитеттеринин төрагалык кызмат орундарына сунуштаган талапкерлерин тааныштырды.

Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин төрагасы кызмат ордуна депутат Тынчтык Шайназаров (“Өнүгүү-Прогресс”) жана депутат Наталья Никитенко (“Ата Мекен”) сунушталды.

Ал эми Бюджет жана финансы боюнча комитетинин төрагасы кызмат ордуна Зиядин Жамалдинов (“Өнүгүү-Прогресс”)  жана Эмил Токтошев (“Ата Мекен”) сунушталды.

Комитет мүчөлөрү сунушталган талапкерлерди Жогорку Кеңештин кароосуна сунуштоо чечимин кабыл алышты.

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83