www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Мурат Жетимишбаев: "Азыркы бийликке, акараат айтсам, мына мен айтат элем!"

Гүлжан Шерипбаева 25-апрель 2018, 10:02

Коом Саясат


Мурат Жетимишбаев: "Азыркы бийликке, акараат айтсам, мына мен айтат элем!"

АЗЫРКЫ БИЙЛИКЕ, АКАРААТ АЙТСАМ, мына мен айтат элем! АЛТЫ ЖЫЛ бою АШАнын бийлигине каршы чыгып, караманча, сөзүм менен болсо да кармашып келдим. Эки үч жолу УКМКга чакыртып эскертүү беришсе да токтогон жокмун! Шайлоо алдында дагы "МУРУНКУ КӨЧТҮ УЛАЙБЫЗ!",- дешкендиктеринен азыркы Ажонун талапкерлигине дагы каршы чыгып, башка жээкте Элди үндөп жүрдүм! Ак жерден "прослушка" кылышып далай өмүрүмдү а түгүл жашоомду токтотуп коё жаздашты! Бул кашкайган чындык! Кудай бар экен тиешелүү жерге чакырылып, сурак берип актыгым такталып, өз абийирим менен калдым!

...Эми болсо убагында АШАнын бийлигин асманга чыгары мактап жүргөндөр, жаңы бийликке көө жабуу аракеттерин катуу баштагандарын көрүп таң калып олтурам! Ооба, принцип деген менде бар, бирок бүгүнкү Сооронбай Жээнбеков баштаган бийлик, кылымдарды карыткан, ынтымакты, биримдикти, нукура тазалыкты аздектеген накта Кыргыз көчүнүнүн жолуна түшүп, тазаланууга бара жатканын көрүп, билип туруп мен азыр кантип бул бийлике каршы чыгам! Азыркы бийлик АША баштап келген ашмалтай жолдон бурулуп чыныгы өз жолуна түшүп бара жататкандыгы кубантат! Эл,- азыркы Ажоодон, жаңы Өкмөттөн дагы чечкиндүү кадамдарды күтүп турат! Ошондуктан, урматтуу бийлик ээлери Элиңиздер Сиздерди толук колдоп турганда, тайсалдабастан алга, тазаланууга буйдалбай чабуулду баштагыла! Туура жолго баштасаңар Элиңиздер, анын ичинде мен дагы Сиздер мененбиз! Барыбыз биригип келечектүү КЫРГЫЗ ЖЕРИБИЗДИ ДАГЫ КУЛПУНТУП ГҮЛДӨТӨЛҮ!

Сиздерди, кыргыз элимди терең урматтоом менен Мурат Жетимишбаев.

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83