www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жаңы Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитовго, Шайырбек Абдрахман КАЙРЫЛУУ жазды

Гүлжан Шерипбаева 25-апрель 2018, 21:06

Саясат


Жаңы Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитовго, Шайырбек Абдрахман КАЙРЫЛУУ жазды

Урматтуу Өткүрбек Асилбекович! Тазалоону Прокуратуранын өзүнөн баштайм деген сөзүңүздөн кийин көпчүлүк эл жакшы үмүт менен сиздин кийинки кадамдарыңызга аңдоо салып турабыз.

Сизден өтүнүч. КР Башкы Прокурору катары алгачкы кадамдарыңызды калыстык орнотуудан баштасаңыз. Коррупция менен аралашкан, паракор кызматкерлер менен биргеликте эле саясий заказдарды аткарып, бийлик оппоненттерине жок жерден жалаа жаап, кылмыш ишин ачкан кызматкерлерди да эсиңизге алсаңыз.

Мисалы алардын бири: Жохонгир Ботобаев.

Жохонгир Ботобаев Ө. Текебаев менен Д. Чотоновдун үстүнөн болгон сот отурумуна айыптоочу катары катышып, өзүн айрыкча текебер, агрессивдүү кармап, жада калса соттук процессте судья Айбек Эрнис уулу чечим чыгаруу үчүн кеңешме бөлмөгө чыгып жөнөгөндө ага телефонун көрсөтүп, аны менен кошо сыртка чыгып, кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, мыйзамдарды одоно бузган учурларын өз көзүбүз менен көрдүк. Бул сөзубүзгө ошол жерде катышкан Ө. Текебаевдин тарапташтары, жактоочулары жана ММК өкүлдөрү күбө. Жохонгир мырза ошол кылган кызматтары үчүн эскертүү же сөгүш алуунун оордуна тескерисинче кийин жетекчилик тарабынан көтөрмөлөнүп, сыйга арзыды.

Кана калыстык? Адамдын, жарандын укугу деген түшүнүктөр тепсендиде калды беле? Же прокуратура кызматкерлери үчүн башка мыйзам барбы?

Бул өтүнүчтү сиз көңүл сыртында калтырбайт деген үмүт менен жазып олтурам.

Урматоом жана сизге ийгилик каалоо менен;

Чыңгыз Айтматов атындагы жаштар сыйлыгынын лауреаты, КР Президентинин Ардак грамотасынын ээси, журналист  Шайырбек Абдырахман уулу

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83