www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Камчыбек Ташиев, «Ата Журт» партиясынын төрагасы: «Бекболот Талгарбековду бошотууну сурансам, бийлик мени укпай койду»

Гүлжан Шерипбаева 26-апрель 2018, 12:05

Саясат


Камчыбек Ташиев, «Ата Журт» партиясынын төрагасы: «Бекболот Талгарбековду бошотууну сурансам, бийлик мени укпай койду»

Түштүктөн чыккан саясатчылардын «көзүрү» Камчыке менен кеңири маектешүү оюбуз бар эле. Мындай оюбузду буга чейин үч-төрт ирет сунуштасак, экс-министр Бишкекте эместигин айтып оозун жыя электе, аны баш калаабыздан көргөнүбүздү кайда катат элек? Динден түшүнүгү бар, эл көзүндөгү мындай инсандын калптын «касиетин кетирип айтканы» Кудайга деле жакпайт да, туурабы? А биз азырынча иитернет аркылуу Камчыке менен болгон кыска-нуска баарлашуубузду гезит окурмандары үчүнда сунуштап койдук.

- Камчыке, жаңы өкмөттүн курамынан карааныңыз көрүнбөдү. Бул сапар сизге кызмат сунушташкан жокпу?

- Мен азыр башка жакта жүрөм. Кызмат боюнча азырынча эч ким менен бул маселе боюнча сүйлөшкөн жокмун.

- Адилетсиз жагдайда камакта отурган саясаттагы устатыңыз Бекболот Талгарбековду бошотуу боюнча жаңы бийликке сунуш киргизип көрдүңүзб ү?

- Алар мени укпай коюшту. Бирок, жеке өзүм колумдан келген баардык аракетим менен Бекболот Талгарбековичтин үй-бүлөсүнө каралашып турам.

- Алдыдагы саясый максаттарыңыз кандай? Шайлоо алдында Сооронбай Жээнбеков менен кыналыша сүрөткө түшүп аттыңыз эле, ал киши президент болгону жолутуп, сүйлөшө алдыңызбы? Кызматка баруу жагыңыз качан чечилчудөн?

- Абал тез өзгөрүп кетиши мүмкүн...

Калыгул БЕЙШЕКЕЕВ

Булак: АЗИЯньюс


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83