www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
ТЭК билдирет: Парламент тарайбы?

Гүлжан Шерипбаева 28-апрель 2018, 14:13

Саясат


ТЭК билдирет: Парламент тарайбы?

Туура бир жыл мурун 2017-жылдын 28-апрелинде Бишкек шаарындагы«Ак Кеме» мейманканасынын жыйындар залында Кыргызстандагы Улуттук Мекенчил Күчтөрдүн Биримдигинин(КУМКБ) жыйыны болуп ѳткѳн. Жыйында КУМКБнын алдындаТуруктуу Элдик Кеңеш (ТЭК) түзүлгѳн. Ошону менен бирге жыйында Элдик Курултай институтун Конституцияга киргизүү жана паспорттогу «Улут» графасын калтыруу чечими кабыл алынган. Ушул маселелер боюнча Президентке, Жогорку Кеңешке кат аркылуу кайрылуу болгон. Тилекке каршы бүгүнкү күнгѳ чейин Президент жана Жогорку Кеңеш тарабынан эч бир алгылыктуу иштер жүргүзүлгѳн жок. Ушуг а байланыштуу бүгүн 2018-жылдын 28-апрелинде Бишкек шаарында ТЭКтин кезектеги жыйыны болуп ѳттү. Жыйында жогоруда аталган чечимдердин аткарылышын мындан ары талап кылууну улантуу менен бирге, тѳмѳнкү кошумча чечимдер кабыл алынды:

  1. Жогорку Кеңештен референдум жолу менен конституциялык реформа жүргүзүүнү 2018-жылдын 1-сентябрына чейин баштоо талап кылынсын.
  2. Референдумга:

- Элдик Курултай институтун Конституцияга Президент, Жогорку Кеңеш жана башка бийлик бутактарын көзөмөлдѳѳ жана багыттоо функциясы менен киргизүү

- Жогорку Кеңеш 50/50 пайыз аралаш формасы менен шайлануу

- Жогорку Кеңештин депутаттарынын санын 50 пайызга кыскартуу

- Сот реформасы койулсун

  1. Жогорку Кеңеш жогоруда айтылган маселелер боюнча 2018-жылдын 1-сентябрына чейин референдум жарыялабаса, Жогорку Кеңешти таркатуу боюнча кол топтоо башталсын.

2018-жылдын 5-майында жогоруда айтылган маселелерди уюштуруу боюнча ТЭКтин башка саясий күчтѳр менен биргеликте кеңейтилген жыйыны ѳтѳт.

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83