www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
ВИДЕО - Нариман Түлеевге, Атамбаев чачпагын дайындап, чепкенин көтөрүп куда түшүүдө

Гүлжан Шерипбаева 28-апрель 2018, 16:15

Саясат


ВИДЕО - Нариман Түлеевге, Атамбаев чачпагын дайындап, чепкенин көтөрүп куда түшүүдө

Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаев президенттиктен расмий кеткенден кийин, кийинки кадамдары эл арасында ар кандай айтылып, ар кайсыны ойлонуп аргасы кеткенде ары жак бери жактан чуркап чыга келип атат . Кечээ эле, мурдагы атакебиз Алмазбек, КСДП партиясынын кезектеги отурумун өткөрүп, орун басарлыкка “балапан” Сапарды Исаковду оң колтугуна салып, орун басарлыкка дайындады.

Бизге жеткен маалыматтарга таянсак, жыйынга келип катышакандар Сапар Исаковдун Алмазбек Атамбаевдин орун басары болушуна каршы чыгышкан.

Кызыгы, кезектеги отурумда Алмазбек Атамбаев жыйынга катышкандардын оозун Ошко караткан. Атамабаев, кезинде кордоп кыйнап, байлыктарын тартып, камакка тыккан Нариман Түлеевди мактап, “Нариман эркек экен”, деп жыйынга катышкандарды таң калтырган.

Бирок, кечээ эле жергиликтүү радиолордун бирине Бишкек шаарынын  мурдагы мэри Нариман Түлеев камактан чыккандан кийин дагы “кекчил болбой, эпчил бол” деп, камалган жигиттердин баарын бириктирип, бир дасторкондо олтуруп, Кыргызстандын келечеги үчүн, ынтымакка келели”, деп сурансам, Атамбаев, “ал иш мага керек жок, аларга керек”, деп ашкере шылдыңдап койгон экен. Бүгүн тагдырдын тамашасы экен ошондой балдарды чогулталабай Алмазбек Атамбаев өзү чепкенин көтөрүп, дасторконун жайып олтурса дагы Атамбаевдин дасторкунун чекесине өзүнүн өстүргөн кадрлары жана КСДП партиясы келбей тургандыгы маалым болду.

Дагы бир маалыматтарга таянсак, Атамбаев Жогорку Кеңеште олтурган КСДПнын саткын депутаттарын тизмесин тактап, керексизин тизмеден чыгарып, чукулда боло турган парламенттик шайлоодо өзүн колдогон саясатта Атамбаевдин сөзүн сүйлөй турган жана Нариман Түлеевдей командасын сатпаган, оор сыноого туруштук берген саясатчыларды топтоого тапшырма бериптир.

Ошентип, бул чакырыштагы адашкан КСДПнын эл өкүлдөрү эки багытта чуркап жүргөнүн уктук. Алар парламентти таратпоо жана өздөрүнүн ордун сактап калуу, экинчиси камакта жаткан Өмүрбек Текебаевдин “Ата-Мекен” партиясын парламенттик шайлоого сүрөп чыгуу үчүн болгон күч-аракетин жумшап жатыптыр.

 Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83