www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
ВИДЕО - Сооронбай Шарипович, досуңузду жана 8 жылда мультимиллиардер болгондорду кустуруңуз...

Гүлжан Шерипбаева 02-май 2018, 10:36

Саясат


ВИДЕО - Сооронбай Шарипович, досуңузду жана 8 жылда мультимиллиардер болгондорду кустуруңуз...

Сооронбай Жээнбеков, Кытайга 2 млрд доллар карызыбызды төлөй турган мезгил келгенде 2023-жылы кызматынан кетип калат. 2024-жылы карызды төлөп баштайбыз. Төлөбөсөк кытайлар Таджикстандын Тоолуу-Бадахшан облусун 2013-жылы карызынын ордуна алып койгондой (Илгери Тоолуу-Бадахшан кыргыздарга таандык болгон. Союз мезгилинде Москва Таджикстанга бөлүп берип койгон) Нарын облусун же Алайды алып коюшат. Келишимде ошондой кол коюлган.

Урматтуу Сооронбай Шарипович, сиз 5 жылдын ичинде карызды төлөп берүү боюнча тез арада чара көрбөсөңүз менден кийинки президент жооп берет деген принцип менен убакыт өткөрсөңүз, анда сиз дагы сизге чейинки президенттердей болуп, "Эл душманы" атка коносуз.

Анткени, "досуңуз" өз достору жана айлана-чөйрөсү менен бирге 2 млрд доллар карыз алып, жарымын иштетимиш болуп, жеп кетишти. Ошондуктан, азыртан баштап элдин эсебинен 8 жылда мультимиллиардер болгон "досуңузду" жана анын досторун, жакындарын камап, жегендерин кустуруп кытайга болгон карызыбызды төлөп баштабасаңыз Нарын же Алайдан айрылабыз.

Болбосо 2024-жылы сизден кийинки болгон президент элден жардам суроого туура келет. Себеби, казынада акча жок. Элде да 2024-жылы каражат болоору күмөн. Анткени, жылдан жылга элдин турмушу начарлоодо. Эгер элдин да карызды төлөөгө алы жетпесе анда эмне болот? Ата-бабаларыбыз канын төгүп сактап келген жерлерибизди беребизби?

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83