www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Мурдагы баш прокурор Элмурза Сатыбалдиев абактан бошотулду

Гүлжан Шерипбаева 31-декабрь 2016, 20:05

Саясат


Мурдагы баш прокурор Элмурза Сатыбалдиев абактан бошотулду
Мурдагы баш прокурор, Апрел окуясы боюнча соттолгон Элмурза Сатыбалдиев абактан мөөнөтүнөн мурда шарттуу түрдө бошотулду. Мындай маалыматты анын жакындары ырасташты. Маалыматка ылайык, Сатыбалдиев абак мөөнөтүнүн үчтүн экисин өтөп бүткөнү үчүн эске алынып мындай чечим чыгарылган.

Элмурза Сатыбалдиев мурдагы бийлик учурунда баш прокурор, кийин президенттин кеңешчиси болуп эмгектенген. Ал 2010-жылдагы Апрел окуясында тынч жарандарга ок атууга күнөөлүү деп табылып, 10 жылга эркинен ажыратылган. Сатыбалдиев жана бир нече адам Адам укугу боюнча жалпы декларациянын 65 жылдыгына карата берилген мунапыска илинип, бирок Республикалык Аскер соту бул чечимди кийин жокко чыгарган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83